Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-ноябры № 8/4

Админ
Автору Админ November 21, 2022 09:21

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезектеги сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Кербен шаардык Кеңешинин суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 09.11.22-ж. № 2-токтомун бекитүү жѳнүндѳ

Кербен шаардык Кеңешинин суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 09.11.22-ж. № 22-токтомун бекитүү жѳнүндѳ токтомун карап  жана талкуулап чыгып,   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги сегизинчи сессиясы

ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1. Кербен шаардык Кеңешинин суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагалыгына А.Турдалыевди шайлоо жөнүндө 09.11.22-ж. № 22 токтому бекитилсин.
  2. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология  жана  агрардык   маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Турдалыевге жүктөлсүн.

 

 

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                                      Ж.Омуралиев

Кербен ш. токтом № 8/4  16.11.22ж.

Админ
Автору Админ November 21, 2022 09:21