Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/16 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:20

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М

Кербен шаарынын Гараж-1 көчөсүнө Т.Султанмуратовдун ысмын ыйгаруу  жөнүндө

Кербен  шаарынын  Кербен шаарынын  Гараж-1 көчөсүнө Т.Султанмуратовдун ысмын ыйгаруу  жөнүндө  элдик  жыйындын  токтомдорун  жана  Кербен  шаардык  Кенешинин  мыйзамдуулук, социалдык  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2022-жылдын  12-сентябрындагы  № 12 токтомун, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2023-жылдын 30-мартындагы  № 36 токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып  Кербен  шаардык  Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу   сессиясы

 Т О К Т О М      К Ы Л А Т : 

  1. Кербен шаарынын Гараж-1 көчөсүнө эмгек ардагери Т.Султанмуратовдун ысмы ыйгарылсын жана ал көчө “Султанмуратов Турдуш атындагы көчө”, – деп аталсын. 
  1. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын,өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана  жазылуусун көзөмөлгө  алсын
  2. Ат коюу салтанатын  уюштуруу  жана  келип чыккан өзгөртүүлөргө байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп, Кербен  шаарынын мэриясы  менен  макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап  илдирүү  жагы  аты   коюлуп   жаткан   инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.

4.Кербен  шаарынын мэриясы,токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.

5.КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 «КР  даректерди  ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна негиз,тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы  “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.

  1. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялансын.

8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана этика маселелери   туруктуу комиссиянын төрайымы  Г.Дербишовага тапшырылсын.

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы:                                            Ж.Омуралиев

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/16

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:20