Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/2 токтому
Окшош макалалар
2019-2020-жылдарда Кербен шаарындагы курулуш иштеринин сапаты жөнүндө
Кербен шаардык Кеӊешинин өнөр-жай, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 23-декабрындагы “2019-2020-жылдары Кербен шаарында аткарылган курулуш иштеринин сапаты жөнүндө” № 14-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- 2019-2020-жылдарда Кербен шаарынын мэриясы тарабынан тендер аркылуу өткөрүлгөн курулуш иштеринин сапаты көптөгөн кемчиликтери менен канааттандырарлык деп эсептелсин.
- Кербен шаарынын мэриясы курулуш жумуштарын жана материалдары жарыяланган тендерлер, түзүлгөн долбоорлорго негиз өзгөртүүсүз, сапаттуу аткарууну камсыз кылсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/2