Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/15 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:28

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М

 Ак-Дөбө айылынын Ак-Дөбө-1 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Зыябеков Тотубектин ысмын ыйгаруу жөнүндө

            Ак-Дөбө айылынын Ак-Дөбө-1 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Зыябеков Тотубектин ысмын  ыйгаруу жөнүндө Кербен шаарынын мэринин  кайрылуусун жана Ак-Дөбө-1 көчөсүнүн жашоочуларынын 24.04.2022-жылдагы токтомун, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2023-жылдын 30-мартындагы  № 35 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз  онунчу сессиясы

 ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

  1. Ак-Дөбө айылынын Ак-Дөбө-1 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Зыябеков Тотубектин ысмы ыйгарылсын жана ал көчө “Зыябеков Тотубек атындагы көчө”, – деп аталсын.

2.Кербен  шаарынын  мэриясы  көрнөктөрдүн  формасын, өлчөмүн  аныктап жана  анын  туура  жайгашуусун  жана  жазылуусун  көзөмөлгө  алсын.

3.Ат  коюу  салтанатын  уюштуруу, ат коюуга байланыштуу пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу  жана   Кербен   шаарынын  мэриясы  менен  макулдашылган   формадагы, өлчөмдөгү   көрнөктөрдү  жасап  илдирүү  жагы  аты   коюлуп   жаткан   инсандын   үй-бүлөсүнө   жүктөлсүн.

4.Кербен   шаарынын   мэриясы, токтомду   аткарууга   алсын  жана  өзүнүн  иш-кагаздарын, маалымат  базасын  токтомго  ылайык  келтирсин.

5.КР  Өкмөтүнүн  2014-жылдын  22-октябрындагы  № 610  токтому  менен  бекитилген «КР даректерди  ыйгаруу  жана  даректүү  каттоону  жүргүзүү  тартиби   жөнүндө” жобонун  25-пунктуна  негиз, тиешелүү   өзгөртүүлөр  боюнча   даректүү  каттоого алуу  жагы  “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.

6.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

8.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялансын.

9.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрайымы Г.Дербишовага  жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы:                                            Ж.Омуралиев  

 

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/15

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:28