Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/4 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын тургуну, эмгек ардагери Арзиев Маматтын ысымын Кербен шаарындагы “Мечит” көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Кербен шаарынын “Мечит” көчөсүнө маркуум , эмгек ардагери Арзиев Маматтын ысмын ыйгаруу боюнча ушул көчөнүн тургундары жыйналыш өткөрүп, бир добуштан макулдугун беришип кол коюшкан арызынын, жыйналыштын токтомунун негизинде Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 62 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Мечит көчөсү “Арзиев Мамат атындагы көчө”,-деп аталсын.
- Кербен шаарынын мэриясына көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
- Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш- кагаздарын, маалымат базасына токтомго ылайык келтирсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында № 610 токтому менен бекитилген « КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жообонун 25- пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү катоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресустар, кадастр, геология жана картография боюнча мамлекеттик агенттикин Аксы филианынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
5. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков.
Кербен ш. № 27/4 04.09.2024-ж