Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/12 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын Ак-Дѳбѳ айылынын Ак-Дѳбѳ-7 көчөсүнө эмгек ардагери Камбаров Сейитказынын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кербен шаарынын Ак-Дѳбѳ айылынын Ак-Дѳбѳ-7 көчөсүнө эмгек ардагери Камбаров Сейитказынын ысмын ыйгаруу жөнүндө Кербен шаарынын мэринин 31.01.2023-жылдагы № 3-34/8 кайрылуусун жана Акдѳбѳ айылынын Акдѳбѳ-7, Ак-Дѳбѳ-8 көчөлѳрүнүн жашоочуларынын 28.01.2023-жылдагы №1 токтомун, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын
30-мартындагы № 35 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Акдѳбѳ айылынын Акдѳбѳ-7 көчөсүнө эмгек ардагери Камбаров Сейитказынын ысмы ыйгарылсын жана ал көчө «Камбаров Сейитказы атындагы көчө», – деп аталсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев
Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/12