Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/4 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:43

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М

 Кербен шаарынын Ак-Сай участкасынан шагыл өндүрүү үчүн ДЭП-12 ишканасына жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жѳнүндѳ 

Кербен шаарынын мэриясынын 15.02.2023-ж. №01-20/127 «Ак-Сай-2 участкасынан 22,75 га жер тилкесин берүү боюнча» кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып,   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

  ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

  1. ДЭП-12 ишканасына Ак-Сай-2 участкасынан 5га жер тилкеси келишим менен 5 жылдык мѳөнѳткѳ шагыл өндүрүү үчүн берүүгө макулдук берилсин.
  2. Рекультивация жумуштарын ар жыл сайын аткаруу жагы Аксы райондук №12 жол тейлѳѳ ишканасына жүктѳлсүн.
  3. Кербен шаарынын мэриясы жыл сайын берилген карьерди пайдалануунун эсебинен Кербен шаарынын кѳчѳлѳрүнүн 500-1000 метр жерин асфальттоо жана 5000 метр жолду шагылдоо боюнча Аксы райондук №12 жол тейлѳѳ ишканасы менен келишим түзүү жагы сунушталсын.
  4. Бул токтом  мамлекеттик реестрге  киргизүү жана  каттоо үчүн  Жалал- Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет
  6. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  А.Турдалыевге жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

 Кеӊешинин төрагасы                           Ж.Омуралиев

 

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/4

 

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:43