Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/3 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:44

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М

2022-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) аткарган иштери жана 2023-жылга планы жөнүндө

Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга планын, агрардык маселлер боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 2-мартындагы № 25-токтомун карап жана талкуулап чыгып,   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

 ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

  1. 2022-жылдагы ЖПБнын аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
  2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2023-жылга төмөндөгүдөй:

Киреше бөлүгү – 912200 сом

Чыгаша бөлүгү – 912200 сом болуп бекитилсин (№ 1-тиркеме).

  1. Кербен шаарынын  аймагындагы  жайыттарга:

Жылкы, уй  үчүн – 80 сом, кой, эчки – 15 сом  өлчөмүндө  акы  белгиленсин.

Башка  райондон, айыл  аймактардан  жайыт  пайдалангандар  үчүн:

Жылкы, уйга – 100 сомдон, кой, эчкиге – 30 сомдон  белгиленсин (№ 2-тиркеме).

  1. Кербен ЖПБнын 2023-жылга иш-планы  бекитилсин  (№ 3-тиркеме).

2023-жылга  ЖПБга  3 (үч)  штат  бирдиги  сунушталсын.

  1. Жайыт пайдалануучулардын жайлоого  көчүү  жылкыларга 2023-жылдын

15-апрелине, уй-койлорго 10-майына,  көчүп  келүү 1-октябрына белгиленсин.

  1. 2023-жылдын 10-майына чейин  көчпөгөн, жайлоодон  1-октябрдан  эрте  келген  фермерлерге  эгин  талааларына  түшкөн  бардык  малдарга   2017-жылдын  28-апрелиндеги  № 70   КР  «Бузуулар  жөнүндө»  кодексине  ылайык  айып  пул  чегерүү жагы Кербен шаарынын мэриясына, Кербен ЖПБга жүктөлсүн.
  2. Жайыт пайдаланган фермерлерди  өз  убагында  жайытка  көчүрүү   белгиленген  убакытта  кайра  көчүрүп  келүү  жагы  ЖПБга  жана  мэриянын  айыл  башчыларына  тапшырылсын.
  3. Жайыт пайдалануучулар  бирикмесине  келген  фронталдык  погрузчик  келишимдин  негизинде иш кѳлѳмү үчүн 1(бир) саатка (м/с)  юридикалык жактарга  4500  (төрт миӊ беш жүз) сомдон  жана физикалык  жактарга  3000 (үч миӊ) сомдон, Кербен шаарынын мэриясына 2000 (эки миӊ) сом  кызмат   көрсөтүү   белгиленсин.
  1. Кербен   шаарынын  мэриясына, ЖПБ  тарабынан  Кербен  шаарынын  бюджетине  кириштелүүчү  каражат   кайрадан  ЖПБны   колдоого   бөлүнүп   берилсин.
  2. Бул токтом  мамлекеттик реестрге  киргизүү жана  каттоо үчүн  Жалал- Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы  А.Турдалыевге жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

 Кеӊешинин төрагасы                             Ж.Омуралиев

 

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/3

 

Кербен шаардык Кеӊешинин 2023-жылдын

25-апрелиндеги  №  10/3 токтому менен бекитилген

Тиркеме №1                                          

2023-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планы

Кирешелер сом
1 Кара мал  4130 х 80  = 330400,00
2 Жылкы 1050 х80= 84000,00
3 Кой-эчки  15500х02=3100 ШМБ х15= 46500,00
  Бардыгы ( 2023 жылга  план ) 460900,00
   
4 Кызмат кѳрсѳтүүдѳн  түшүүчү сумма 456263,00
 Бардыгы: 917163,00
                              Кербен ЖПБнин чыгымдары
к/№ Чыгашалар Штат бирдиги сом Бардыгы
1 Төраганын эмгек акысы    12  айга 1 16000,00 192000,00
2 Эсепчинин эмгек акысы    12  айга 1 10000,00 120000,00
3 Айдоочунун эмгек акысы    12  айга 1 12000,00 144000,00 456000,00
     4 Соц фонд 17.25% 78660,00
Бардыгы:   534660,00

 

5 Администарциялык чыгымдар
1 Канцелярдык  чыгымдарга 5850,00
2 Иш  сапарга 9600,00
3 Аренда офис  12х 1500  
Бардыгы: 15450
6 Авто унаа чыгымдары
   
1 Бензин, солярка 42220,00
2 Авто оңдоо  иштерине 79200,00
  Бардыгы: 121420
7 Жайыттарды калыбына келтирүү             
1 Жайытарды калыбына келтирүүгѳ 90000,00  
2 Кирешенин  3/1  бѳлүгү 153633.00  
Бардыгы : 238670
8 Взнос  Кыргыз жайытка 1000,00  
9 Взнос Союз  ЖПБ 1000,00  
Бардыгы: 2000
  Бардык чыгым Кербен ЖПБси  боюнча   917163,00

          

                                                                                                                     

Кербен шаардык Кеӊешинин

жооптуу катчысы:                                                              Д.Алиев

 

 Кербен шаардык Кеӊешинин 2023-жылдын

25-апрелиндеги №  10/3 токтому менен бекитилген

 Тиркеме №2                                          

2023-жылга Кербен шаарынын жайыттарын пайдалангандыгы үчүн тѳлѳнүүчү жайыт акынын ѳлчѳмү

  1. Кербен шаарынын ЖПБнин жакынкы жана алыскы жайыттарга чыкан чабан, фермерлер үчүн жайыт тѳлѳмдѳрүнүн ѳлчѳмү
   №   Малдын  аталышы Бир баш малга жайыт  акы (1жылга сом)      Эскертүү
1 Кара малга               80 III, IV,V жана X, XI айлар  үчүн
 2 Жылкыларга                80 III, IV,V жана X, XI айлар  үчүн
 3 Кой-эчкилерге                15 III, IV,V жана X, XI айлар  үчүн
  1. Башка райондор, айылдык аймактар үчүн жана жайлоого кетпеген, айылда калган малдар учун жайыт ѳлчѳмү
   №   Малдын  аталышы  жайлоого кѳчпѳгѳндѳргѳ жайыт  акы сом  менен Жайлоого  кѳчпѳй  чѳп чабынды  жана эгиндерге  түшкѳн малдар үчүн      Эскертүү
1 Кара малга 100               3000  Малдын түрүнѳ карабай 1 башка
 2 Жылкыларга 100                3000  Малдын түрүнѳ карабай 1 башка
 3 Кой-эчкилерге 30                300  Малдын түрүнѳ карабай 1 башка

Кербен шаардык Кеӊешини

жооптуу катчысы:                                                               Д.Алиев

 

Кербен шаардык Кеӊешинин 2023-жылдын

25-апрелиндеги № 10/3 токтому менен бекитилген

Тиркеме №3

2023-жылга Кербен шаарынын  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайытарды оңдоо боюнча иш-планы

К/№ Аткарыла турган иштердин мазмуну     Участкасы ЖПБ
 1 Курулуш  айылынын  Киндик-Таш  жайытына  баруучу  жолдорду  оңдоо жана суу ичүүчү тосмону тазалоо Киндик-Таш  Унгар-Ата  

30000,00

 

2 Сѳгѳт  жайытындагы мал суу ичүүчү  жайды  жана  жолдорду оңдоо, Талды Булак  башатын   оңдоо.  Сѳгѳт  

25000,00

3 Күлүк-Дѳбѳ айылынын  Сатар-Черик  жайытына  баруучу   жолдорду  оңдоо, Чериктеги жууткананын айрым жерлерин  калыбына  келтирүү  иштерин  жасоо Сатар, Черик  

25000,00

4 Ак-Дѳбѳ  айылынын  Кара-Жыгач, Ак-Сай  жайытындагы  жол  жана кечүүлѳрдү оңдоо Кара-Жыгач, Ак-Сай 35000,00
5 Ортонку-Сарыташ, Тегерек, Кѳк-Дѳбѳ, Кош-Тектир, Тосту, Ѳлѳң –Булак, Алыскы-Кѳк-Ала Теке, Муз Тѳр, Миң-Жылкы жайлоолоруна баруучу  жол жана  кѳпүрѳлѳрдү оңдоо  иштерин  аткаруу Муктаж жерлерге  

 

50000,00

6 Ар кандай  аралаш иштер үчүн (жаратылыштын ар кандай  кырсыктарынан) Муктаж болгон убакта  

28633,00

7 Кѳп жылдык чѳп уругун алуу Сатар, Киндик-Таш,

Сѳгѳт

 

50000,00

  Бардыгы :   243633,00

 

 

       

Кербен шаардык Кеӊешинин

 жооптуу катчысы:                                                              Д.Алиев

 

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:44