Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/1 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:46

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М

КР Президентинин 06.09.2022-жылдагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү  иш аракеттер планы жөнүндө”  № 305-Жарлыгын аткаруу жөнүндө 

            Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жѳнүндѳ» ПЖ №305 Жарлыгынын 5 пункту боюнча шаарлардын, айылдардын аймактарын кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитип  берүү тууралуу Кербен шаарынын мэриясынын 29.03.2023-жылдын №01-20/240 кайрылуусун жана мыйзамдуулук,социалдык, маданий, билим беруу, саламаттыкты сактоо, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 29-мартындагы № 27 токтомун карап жана талкуулап чыгып,   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

 ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

  1. Кербен шаарынын аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо боюнча эреже бекитилсин (тиркелет).
  2. Кербен шаарынын мэриясына жогорудагы эреженин (Жобо) талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
  3. Бул токтом  мамлекеттик реестрге  киргизүү жана  каттоо үчүн  Жалал- Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет.
  5. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук,социалдык, маданий, билим беруу, саламаттыкты сактоо, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы                                    Ж.Омуралиев

 

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/1

 

Тиркеме

Кербен шаардык Кеӊешинин  2023-жылдын

25-апрелиндеги №  10/1 токтому менен бекитилген 

Кербен  шаарынын  аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча  эреже 

  1. Жалпы жоболор 
  1. Шаардын же айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине, “Ɵндүрүш жана керектѳѳ калдыктары жѳнүндѳ”, “‘Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы кѳрктѳндүрүү жана айлана-чѳйрѳнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
  2. Эрежелер тышкы кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнѳ карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн аймактык башкармалыгынын, аймактык башкаруу мекемелеринин аймагын тазалоонун жана тейлѳѳнүн тартибин аныктайт.
  3. Кербен шаарынын мэриясы ушул Эрежелерде белгиленген кѳрктѳндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болот.
  4. Ɵз ыйгарым укуктарынын чегинде кѳрктѳндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү аныктайт.

2.Негизги түшүнүктѳр жана терминдер 

  1. Ушул Жободо тѳмѳнкүдѳй түшүнүктѳр жана терминдер колдонулат:

Абонент – тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды кѳрсѳтүүгѳ келишим түзгѳн же түзүүгѳ милдеттүү жеке же юридикалык жак;

Калктуу конуштун сырткы келбетин кѳрктѳндүрүү – калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;

КТТК чыгаруу – атайын автотранспортторго ташып жүктѳѳ, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерине тѳгүлгѳн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;

Газон – жасалма жол менен түзүлгѳн чѳп каптаган жер тилкеси түрүндѳ жашылдандыруу элементи;

Бекитилген аймак юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;

Жашылдандырылган жерлер – жасалма түрүндѳ жана табигый ѳсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чѳп ѳсүмдүктѳрү;

Ири кѳлѳмдүү таштандылар керектѳѳдѳн чыккан жана кѳлѳмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

Контейнер аянтчасы-ѳндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардып калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

Таштанды ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш- тиричилик калдыктары, ири кѳлѳмдүү калдыктар, керектѳѳ жана ѳндүрүш калдыктары;

Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар чектелген аянтта кѳлѳмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндѳ пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, кѳлѳмдүү таштандыларды, ѳндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.

Парк – эс алууга жана кѳңүл ачуучу оюн-зоок ѳткѳрүүгѳ арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды кѳрсѳтүүчү (Кызмат кѳрсѳтүүчү) катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгѳн юридикалык же жеке жак.

Курчап тургап айланадагы аймак юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат кѳрсѳтүүчү менен керектѳѳчүнүн ортосунда түзүлгѳн келишим, анда кызмат кѳрсѳтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды кѳрсѳтүүчүнүн милдеттери белгиленген;

Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат кѳрсѳтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат кѳрсѳтүүчүнүн сунушта кѳрсѳтүлгѳн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;

Аймакты санитардык жактан тазалоо аймакты тазалоо, кѳчѳдѳгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;

Кѳчѳдѳгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (кѳчѳ таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый ѳсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, ѳсүмдүктѳрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрѳк, металл жана башка материалдардан турат.

Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары – КТТК) – адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлѳрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдѳгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.

  1. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу 
  1. Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же ѳзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгѳн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын кѳрсѳтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгѳ милдеттүү.
  2. Жеке турак жайларда жана кѳп кабаттуу үйлѳрдѳ жашаган тургундарга КРнын Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгѳ жол берилет.
  3. Шаардын, айыл аймагынын жерлеринде КТТКны тѳмѳнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдѳ сорттоо жүргүзүү киргизилет:

1) Пластик бѳтѳлкѳлѳр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;

2) Мѳмѳ-жемиштер, жашылчалар түрүндѳгү органикалык калдыктар;

3) Калдыктар, сѳѳк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.

  1. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшѳктѳргѳ бѳлүштүрүп иргейт.
  2. Тургундар кварталдын/айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
  3. 11. Кызмат кѳрсѳтүүчү ѳзүнүн мүмкүнчүлүгүнѳ жараша тургундарды кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшѳктѳр менен камсыздайт.
  4. Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргѳѳ/сорттоо боюнча ѳзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат кѳрсѳтүүчү андай кардар үчүн тарифтик бааны тѳмѳндѳтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.
  5. Кѳп кабаттуу үйлѳрдѳ жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.
  6. Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
  7. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
  8. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
  9. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик тѳмѳнкүлѳргѳ жүктѳлѳт:

– жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары – кызмат кѳрсѳтүүчүгѳ;

– ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча – ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;

  1. Таштандылар салынган мүшѳктѳрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктѳѳ учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат кѳрсѳтүүчүгѳ жүктѳлѳт.
  2. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
  3. Таштанды салынган мүшѳктѳрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган мүшѳктѳрдүн ашып-ташып жайылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды ѳрттѳѳгѳ жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча ѳз убагында ташылып кетүүгѳ тийиш.
  4. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар ѳз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
  5. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, кварталдык комитеттер жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат кѳрсѳтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
  6. Жолдун ѳтүүчү бѳлүгүнѳ, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшѳктѳрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
  7. Түзүлгѳн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат кѳрсѳтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
  8. Кызмат кѳрсѳтүүчүнүн тейлѳѳсүнѳ кирбеген юридикалык жактар таштандыларды ѳздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
  9. Түзүлгѳн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн тѳлѳмдѳр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
  10. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат кѳрсѳтүүлѳр үчүн тѳлѳмдѳрдү жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат кѳрсѳтүүчү менен түзүлгѳн келишимдерге ылайык ѳз убагында жана толук кѳлѳмдѳ тѳлѳѳгѳ милдеттүү.
  11. 27-пунктта кѳрсѳтүлгѳн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укуж бузуулар жѳнүндѳ кодексинин ченемдерине ылайык, кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
  12. Кѳлѳмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири ѳлчѳмдѳгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктѳлѳт.
  13. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзѳгѳ ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгѳ, аларды ѳз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат кѳрсѳтүүчү менен түзүлгѳн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
  14. Газондорду түшкѳн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чѳптѳрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат керсѳтүүчү тарабынан жүзѳгѳ ашырылат.
  15. Муниципалдык кѳчѳлѳрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон кѳчѳ таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат кѳрсѳтүүчү ишке ашырат.
  16. Кѳчѳлѳргѳ, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
  17. Калк массалык түрдѳ баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Кѳчѳлѳрдѳ бири-биринен 100 метрге чейиики аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги кѳп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлѳрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
  18. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлѳѳгѳ жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан ѳз каражаттарыныи эсебинен орнотулат.
  19. Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарыныи же катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат кѳрсѳтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
  20. Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат кѳрсѳтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнѳ бир жолудан кем эмес жүргүзүлѳт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
  21. Бѳлүнгѳн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
  22. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, ѳрттѳѳгѳ күнѳѳлүү адамдар укук бузуулар жѳнүндѳ колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
  23. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мѳѳнѳттѳрдѳ аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлѳт.
  24. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат кѳрсѳтүүчүгѳ жүктѳлѳт.

4.Санитардык тейлѳѳ жана аймакты тазалоону уюштуруу 

  1. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлѳѳ таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында – карды, музду тазалоону, жолдун бѳлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында – жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
  2. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери ѳз каражаттарынын эсебинен бѳлүнгѳн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону ѳз алдынча жүргүзүүгѳ, же болбосо жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын кѳрсѳтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгѳ милдеттүү.
  3. Таштандыларды сактоо кызмат кѳрсѳтүүчү менен түзүлгѳн келишимге ылайык жүргүзүлѳт.
  4. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын кѳчѳлѳрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат кѳрсѳтүүчү жоопкерчилик тартат.
  5. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:

– узундугу боюнча – имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;

– туурасы боюнча – жолдун же сквердин жүрүүчү бѳлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта – жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бѳлүктүн туурасын бойлой;

  1. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлѳѳ үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктѳлѳт. Бул учурда жоопкерчилик чѳйрѳлѳрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
  2. Кызмат кѳрсѳтүүчү жолдордун бѳлүктѳрүн, кѳчѳлѳрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
  3. Кызмат кѳрсѳтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлѳѳнү камсыз кылат.
  4. Керек-жарак рыног жана кызмат кѳрсѳтүү департаменти убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркѳлѳр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктѳйт.
  5. Узак мѳѳнѳткѳ пайдаланылбай жаткан жана ѳздѳштүрүлбѳгѳн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктѳлѳт.
  6. Кѳп кабаттуу үйлѳрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
  7. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтѳп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына тѳгүүгѳ тыюу салынат.
  1. Тартипти, тазалыкты жана кѳрктѳндүрүүнү камсыз кылуу 
  1. Юридикалык жана жеке жактар шаардын бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, кѳрктѳндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербѳѳгѳ, ар кандай мүлк объектилерине кам кѳрүүгѳ милдеттүү.
  2. Шаар/айыл аймактарында тиричилик жана курулуш таштандыларын, ѳндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
  3. Таштанды челектерин, кѳчѳ чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгѳ тыюу салынат.
  4. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дѳңгѳлѳктѳрүн, ѳндүрүш калдыктарын ѳрттѳѳгѳ, от жагууга, таштандыларды кѳмүүгѳ тыюу салынат.
  5. Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бѳлүгүн тарытуучу түтүктѳрдү тѳшѳѳгѳ тыюу салынат.
  1. Жашылдандыруу 
  1. Объектилерди жашылдандырууга тѳмѳнкү иштер кирет:

– бак-дарактарды отургузуу,

– бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер

– жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чѳптѳрдү тазалоо, ѳсүмдүктѳрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чѳптѳрдѳн коргоо, жылуулукту сүйүүчү ѳсүмдүктѳрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктѳѳ жана түшүрүү;

-куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;

– газонду багуу боюнча жумуштар – тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чѳптѳрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкѳн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы ѳсүмдүктѳрдү кыюу, чѳптѳрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;

– скверлерди жана бакчаларды тосуу;

– жерлерди жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу. 60. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик тѳмѳнкүлѳргѳ жүктѳлѳт:

– Жаңы пайдалануудагы аймактарда – парктарда, скверлерде, сейил бактарда, кѳчѳлѳрдѳ – жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;

– турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо – үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;

– уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;

  1. Жашыл аянттардын бардык түрлѳрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндѳ бир жолудан кем эмес болушу керек.
  2. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00ден кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дѳн кийин жүргүзүлѳт.
  3. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын ѳз убагында кыркууну камсыз кылат.
  4. Таажыны санитардык кыркуу иштерине – эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай ѳскѳн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлѳт.
  5. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу – таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, ѳсүмдүктѳрдүн бийиктигин тегиздѳѳ, жол белгилеринин, светофорлордун ж. б. кѳрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлѳт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бѳлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбѳйт.
  6. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды тѳшѳѳдѳн, жолдорду, ѳтмѳлѳрдү, тротуарларды тѳшѳѳдѳн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлѳт.
  7. Ɵсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
  8. Шаардын аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнѳ карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзѳт жана коргоого алынат.
  9. Менчигинин түрүнѳ карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет;

-жашыл аянтчаларды талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар тѳмѳнкүлѳрдү камсыздашат:

– иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле ѳсүмдүктѳрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чѳптѳрдѳн коргоону камсыз кылууга;

– жашыл зоналарды ѳз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;

– жашыл зоналар ѳскѳн аймактардын тиричилик жана ѳндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу ѳсүмдүктѳргѳ зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербѳѳ;

– жайында жана кургакчылыкта газондорду, гулзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;

– газондорду тебелеп кетүүгѳ жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербѳѳгѳ;

– жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын ѳзгѳртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгѳ тийиш;

– багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгѳн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзѳгѳ ашырылат;

  1. Жашылдандырылган аймактарда тѳмѳнкүлѳр тыюу салынат:

– жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;

– тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды ѳз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгѳ;

– бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды тѳгүүчү жайларды уюштурууга;

– калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго тѳгүүгѳ;

– жалбырактарды күйгүзүүгѳ, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды кѳмүп салууга (аларды кѳчѳ бойлой жайылып кетпеши үчүн үймѳктѳргѳ чогултуу, компост салуу үчүн атайын бѳлүнгѳн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);

– от жагууга жана ѳрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;

– бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, кѳрнѳк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;

– дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгѳ;

– белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды тѳшѳѳ үчүн казуу иштерин жүргүзүүгѳ;

– газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын ѳткѳрүү жана токтотууга;

– гүлдѳрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;

  1. Жашыл аймактарды жаныдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгѳ тийиш.
  1. Тышкы жарыктандыруу 
  1. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлѳѳ жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат кѳрсѳтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлѳт.
  1. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жѳнгѳ салынат.
  2. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана ѳчүрүү жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлѳт.
  3. Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган кѳчѳ чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
  4. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
  5. Жеке жана юридикалык жактар ѳздѳрүнѳ берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
  6. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.
  1. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги 
  1. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
  2. Бул Кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузууга күнѳѳлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
  3. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, ѳрттѳгѳн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
  4. Юридикалык жана жеке жактар кѳп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлѳѳ эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
  5. Укук бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодесине ылайык жаза чараларын кѳрѳт.
  6. 8 Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши жобо менен жѳнгѳ салынат.

                                                                                                                         

Кербен шаардык Кеӊешинин

жооптуу катчысы:                                                   Д.Алиев

 

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:46

Кызмат көрсөтүү