2024-жылдын 15-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 24/6 токтому
Окшош макалалар
Т О К Т О М
Кербен шаарына караштуу Ниязалы кѳчѳсүндѳ жайгашкан “ Токтогул” атындагы паркынын чыгыш тарабынан Аксы райондук сотуна жаңы иммарат кууру үчүн жер аянтчасын бөлүп берүү жѳнүндѳ
« Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кырыгз Республикасынын мыйзамынын 34- беренесинин 5- пунктуна ылайык Муниципиалдык жерлердин пайдалануусу жөнүндө, Кербен шаарынын мэриясынын 2024- жылдын 14-майындагы № 01-20/715 кайрылуусу жана Кербен шаардык Кеңештин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 42 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Ниязалы кѳчѳсүндѳ жайгашкан Тотоктогул паркынын чыгыш тарабынан Аксы райондук сотуна жаңы имарат кууру үчүн 0,13 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
- Кербен шаарынын мэриясына Аксы райондук сотуна бөлүнүп берилген 0,13 га жер аянтын тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияны тѳрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш. 15.05.24ж. № 24/6