2024-жылдын 15-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 24/5 токтому
Окшош макалалар
Т О К Т О М
Кербен шаарынын мэри Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевичке « Кербен шаарынын ардактуу атуулу » наамын берүү жөнүндө
Зияйдинов Эрнист Эгенбердиевич 2023-жылдын 15- мартынан баштап Кербен шаарынын мэри болуп иштеп келе жатат, ал жогоруда аталган кызматта өзүнүн кызматтык милдетерин жоопкерчилик менен так аткарып, аз убакытта Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өсүүсүнө өтө чоң салымын кошуп жатат ошондой эле « Согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмкегчилердин Аксы райондук Кеңешинин » 2024-жылдын 13- майындагы № 10 сунушунун жана Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15- майындагы № 57 токтомун карап, талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын мэри Зияйдинов Эрнист Эгенбердивичке “ Кербен шаарынын ардактуу атуулу ” наамы берилсин.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш. 15.05.24ж. № 24/5