2024-жылдын 15-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 24/3 токтому

Админ
Автору Админ July 22, 2024 10:37

     Кербен  шаарындагы Курулуш участкасында жайгашкан мэриянын  муниципиалдык менчигиндеги жеринен инвесторлорго уруксат берүүдө, мэрия өздөрүү чечим алуу жѳнүндѳ

 

« Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кырыгз Республикасынын мыйзамынын 34- беренесинин 5- пунктуна ылайык Муниципиалдык жерлердин пайданалусуу жөнүндө, Кербен шаарынын мэриясынын 2024- жылдын  13-майындагы № 01-20/710 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеңештин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 41 токтомун карап жана талкуулап чыгып,  Кербен шаардык Кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма төртүнчү  сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын Курулуш участкасында мэриянын муниципиалдык менчигинде турган жер аянтынан,  инвестерлерди өздөрүү тандап  2,5 га жер аянтын болуп берүү жагы мэриянын өздөрүүнө  калтууруга  макулдук берилсин.
  1.   Кербен шаарынын мэриясына муниципиалдык менчикте турган 2,5 га  жер аянтын  тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү  жагы тапшырылсын.
  1. Токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү   жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад областтык    юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  1.   Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.
  2. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын  тѳрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.

 

 

Кербен   шаардык Кеӊешинин   төрагасы:                                 Р.Назарбеков

Кербен ш. 15.05.24ж. № 24/3

Админ
Автору Админ July 22, 2024 10:37

Кызмат көрсөтүү