2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/4 токтому

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:52

                           Аксы районунун Кашка-Суу айыл Өкмѳтүн  ѳз алдынча калтыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А.Касымалиевдин 01.04.2024-жылдагы, Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чараларынын Календарлык планынын негизинде, Кашка-Суу айылдык кеңешинин  чечимдеринин 27.09.2023-жылдагы № 19/1 токтомун, 12.10.2023-жылдагы № 20/1 токтомун, 22.01.2024-жылдагы №23/1 токтомун, ошондой  эле 18.11.2023-жылдагы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кашка-Суу  айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын Протоколунун чечимин жана тургундар менен болуп өткөн жыйындарды эске алып, угуп жана талкуулап, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

 

                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чараларынын Календарлык планына ылайык, Кашка-Суу айыл аймагы төмөндөгү жүйөлүү себептердин негизинде, «Кашка-Суу айыл Өкмөтү» өз алдынча айыл аймак болуп калтырылсын.

– Кашка-Суу айыл аймагынын географиялык жана картографиялык   абалына;

– Кашка-Суу айыл аймагынын аба ырайынын жана шартынын катаалдыгына;

– Тоолуу аймакта жайгашып, кыш мезгили алты-жети айга  созулгандыгына;

– Кашка-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарынын чачыранды кокту   колоттордо жайгашкандыгына;

– Райондун борборунан 25-50 чакырым алыстыкта жайгашкандыгына;

– Кашка-Суу айыл аймагы Өзбекстан Республикасы менен чек арада чектеш жайгашып, жалпы узундугу 17 чакырым аралыкты                             түзгөндүгүнѳ;

-Кашка-Суу айыл аймагынын  Өзбекстан Республикасы менен чек арада  чектеш  жайгашкан 4 (төрт) айылы өзгөчө чек ара статусуна                ээ болгондугуна;

-Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1550-1800 метр экендиги;

– Туруктуу жашаган калктын саны 11000 адамдан жогору экендигине;

– Туризмди өнүктүрүү, өндүрүш ишканаларын иштетүү жолу менен киреше   булактарын көбөйтүп, 2025-2026-жылдар ичинде                              дотациядан чыгаруусуна;

– Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун тизмесинде  туруп, айыл аймак буфердик аймак болуп эсептелгендигине;

-Кашка-Суу айыл аймагы Кыргызстандын эң кооз аймактарына  киргендиктен, кооз табигый жаратылышын сактап, климаттык                          туруктуулукту сактап келгендигине;

-Айыл аймагынын ортосунан кесип өткөн Падыша-Ата дарыясы үч айыл аймагын жана бир шаарды ичүүчү таза-суу жана сугат суу                     менен камсыз кылган, кооз жана таза мөлтүр сууну сактап келгендигине;

-Элдин байлыгы болгон жайыттарды эрозиядан сактап калуусуна;

-Айыл аймагыбыздагы дарыяга жана агын сууларыбызга чакан ГЭСтерди куруп мамлекетти энерго кризистен чыгарууга көмөктөшүп               келгендигине;

-Кашка-Суу айыл аймагы ички жана тышкы инвесторлор менен тыгыз кызматташып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз                       кылгандыгына;

– Айыл аймагы мындан  40-50 жыл кийин да инвесторлорду тартууга, курулуштарды курууга запас жер аянттары жана толук                                  мүмкүнчүлүктөрү бар экендигине;

  1.  Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.

 

Кербен шаардык

         Кеӊешинин төрагасы                                      Р. Назарбеков

 

Кербен ш. 30.05.24-ж.  25/4

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:52

Кызмат көрсөтүү