Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/13 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын “вице-мэр” кызматына талапкерди дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясында оперативдүү башкарууну өркүндөтүү жана вице-мэр кызматына талапкерди дайындоого макулдук берүү максатында, “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 4-пунктчасына ылайык маселени карап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаардык Кеӊешинин эсептөө комиссиясынын № 2 протоколу бекитилсин.
- Кербен шаарынын вице-мэр кызматына Артыкбаев Эдилбек Эрмаматовичти дайындоого макулдук берилсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.
Кербен шаардык Кенешинин төрагасы Н.Шадыбеков
Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/13