2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/3 токтому

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:56

        Кербен шаарынын аймагына Республикалык бюджеттен кайтарымсыз трансферттерди тартуу менен долбоорлорго

        бѳлүштүрүүгѳ макулдук берүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Кербен шаарынын мэринин 03.04.2024-жылдагы № 01-20/476 сандуу кайрылуу маалыматтарын карап  жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

 

ТОКТОМ     КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын аймагына Республикалык бюджеттен кайтарымсыз трансферттерди тартуу менен тѳмѳнкү долбоорлорго бѳлүштүрүүгѳ макулдук берилсин.
  • Кербен шаарынын калкын жумуш менен камсыз кылуу максатында, шаар аймагына тигүү цехин куруу долбооруна 18000,0 миң сом;
  • Кербен шаарынын жолдорун капиталдык оңдоодон ѳткѳрүүгѳ 92000,0 миң сом;
  • Кербен шаарына заманбап үлгүдѳгү стадион куруу 85000,0 миң сом;

Кербен шаарынын чыгыш тарабына, кире беришине шаарга тандык болгон баардык символикаларды камтыган арка куруу доолборуна          болжолду сметалык 5000,0 миң сом;

  1. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Н.Эсеналиевге жүктөлсүн.

 

 

Кербен шаардык

         Кеӊешинин төрагасы                                               Р. Назарбеков

 

        Кербен ш. 30.05.24-ж № 25/3 

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:56

Кызмат көрсөтүү