2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/11 токтому

Админ
Автору Админ July 30, 2024 09:44

 

                                          Кербен шаарын өнүктүрүү боюнча жазылган долбоорлорду колдоп берүү жөнүндө

 

         БУУӨПтүн долбоорун пилоттук Кербен шаарында ишке ашырууда  “Биздин добуш ” коомдук фонду тарабынан өткөзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында демилгелүү топтордун демилгеси менен жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда жалпысы 17 долбоордук сунуштар иштелип чыккан. Өткөрүлгөн конкурстун натыйжасында 7 долбоордук сунуш БУУӨПтүн гранттык каржылоосуна сунушталган. Кербен шаарынын мэриясынын 7 долбоордук сунушту Кербен шаарынын 2024-жылдагы 5- июлундагы  № 01-20/1103 катын карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын мэриясынын 7 долбоордук сунуштарды Кербен шаарынын 2024- жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын. (  (тиркеме тиркелет).
  2. Долбоордук сунуштарды Кербен шаарынын 2024-жылдагы социалдык- экономикалык өнүгүү программасына киргизүү, аларды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салымдарды кошуу жана башка тийштүү колдоолорду көрсөтүү жагы Кербен шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
  3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.

 

 

              Кербен шаардык

            Кеӊешинин төрагасы:                                   Р.Назарбеков

 

Кербен ш. 8.07.24-ж.  № 26/11

 

Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясынын                                                                                                                                                                 26/11 токтом менен 2024-жылдын 8-июлда кабыл алынган.

 

 «Бекитемин»                                                                                                                                                                                 «Бекитемин»

 

Кербен  шаарынын мэри                                                                                                                                                    Кербен шаарынын жергиликтүү        __________      Зияйдинов Э.Э.                                                                                                                                      Кеңешинин төрагасы                                  “____”_________2024-жыл                                                                                                                                           _______________ Назарбеков Р.А.                                                                                                                                                                                                          “_____”_____________2024-жыл

                                                                                                   

 

 

 

 

 

 

                                                                                                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 

                                                                                                         ЖАЛАЛ-АБАД  ОБЛУСУ

 

                                                                                                                   КЕРБЕН  ШААРЫ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                        Кербен шаары  2024 ж

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                    М А З М У Н У

 

 

                                                    КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ Р.А. НАЗАРБЕКОВКО ,

 

                                      КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИ Э.Э. ЗИЯЙДИНОВКА ДЕМИЛГЕЧИ ТОПТУН КАЙРЫЛУУСУ

 

  1. КИРИШҮҮ

 

  1. КЕРБЕН ШААРЫНЫН АЗЫРКЫ АБАЛЫНА КЫСКАЧА АНАЛИЗ

 

  1. ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАР ЖАНА СУНУШТАР

 

  1. 2024 -ЖЫЛГА ИШ ПЛАН

 

  1. ЖУМУШЧУ ТОПТУН МИЛДЕТТЕР

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

               Кербен шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы                       Р.А. Назарбековка,

               Кербен шаардын Мэри Э.Э. Зияйдиновка

 

 

 

                                                    Урматтуу шаардык кеңештин төрагасы  Руслан Абдыкайымович!

 

                                                            Урматтуу Кербен шаардык Мэри  Эрнист Эгенбердиевич!

 

 

Биздин мамлекеттин өнүгүшүндө эң маанилүү орунда тынчтыкты сактоо жана куруу турары белгилүү. Көптөгөн мамлекеттик программа жана концепциялардын негизги басымы ушунда болууда.  Тынчтыкты куруу актуалдуулугу өтө курч маселе.  “Биздин добуш” коомдук фондунун БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосунда Кербен шаарынын тынчтыкты куруу планын түзүү иштерин  жүргүзүштү.

Калктын  маданият жагынан да, социалдык – экономикалык жактан да колдоо көрсөтүү боюнча жергиликтүү бюджеттен азыркыга чейин  официалдуу түрдө акча каражаты бөлүнгөн эмес (спорт бөлүмүн эске албаганда). Биз, сиздер,  калктын азыркы абалына кайдыгер карабай маданий жана коомчулук өнүгүүнү колдоо көрсөтөсүздөр деп ишенебиз.

Планды иштеп чыгуу маанилүү, бирок, бул тынчтыкты курууда жана өнүктүрүүдөгү коюлган максаттарга жетүү  жолунун биринчи кадамдары  гана болуп саналат. Шаарды өнүктүрүүдөгү  коомчулуктун биримдигин бекемдөө планды иштеп чыгуу менен, биз, биргеликте, өзүбүздүн эгемендүү мамлекетибиздин келечегине чоң салым кошо алабыз.

Биз Кыргызстан өнүккөн, стабилдүү жана келечеги кең  мамлекет болушун каалайбыз. Сиздердин салымыныздар менен жана жетишкендиктериңиздерден улам шаар үчун көп иштер жасалганы көрүнүп турат, мындан дагы көптөгөн иштер жасаларына ишенебиз!

 

Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалоо менен ,

 

                                                                                     Кербен шаарынын демилгечи тобу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                 1.    Киришүү

 

Коомчулуктун өсүп өнүгүүсү жана биримдиги негизги үч фактор негиз болот: жарандык-укуктук, социалдык-экономикалык, баалуулук-багыттык.

Жарандык-укуктук – чечилүүчү милдеттерге жана түзүлгөн жагдайларга жарандыкукуктук билимдерин жана көндүмдөрүн колдонуу жана ыңгайлаштыруу, өзүнүн жарандык позициясын ээлөө жана жактоо, өзүнүн жарандык демилгелерин жүзөгө ашыруу, укук тартибин сактоого көмөктөшүү жөндөмдүүлүгү.

Социалдык-экономикалык – коомдун социалдык-экономикалык жашоосуна байланыштуу жагдайларды, көрүнүштөрдү, маалыматтарды өз алдынча баамдоо, өзүнүн жүрүм-турумун жашоонун конкреттүү жагдайларына ылайыкташтыруу, экономикалык максатка ылайыктуулуктун, укуктук логиканын, эстетикалык ченемдердин негизинде чечимдерди кабыл алуу, командалык иштин алкагында коюлган максаттарды натыйжалуу чечүү жана көйгөйлөрдөн чыгуунун жолун табуу жөндөмдүүлүгү.

 Баалуулук-багыттык – реалдуу дүйнөгө баалуулук катары мамиле жасоо, жеке максаттарды жана маанилерди аныктоо, өзүнүн жеке жашоосунда аларды долбоорлоо жана ишке ашыруу, өзүнүн жеке максаттарын жана умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен айкалыштыра билүү, алынган маалыматты сынчыл баамдоо жөндөмдүүлүгүн иштеп чыгаруу жөндөмдүүлүгү.

Жумушчу топтун негизги максаты жогоруда бекитилген багыттардын өнүгүүсүнө басым жасоо аркылуу тынчтыкка багыт алуу, бекемдөө. Анткени акыркы изилдөөлөрдө биздин шаардын жарандарынын ичинде кийинки жыйынтыктар байкалган:

Өзбекстан менен чектеш жерде жашаган жергиликтүү тургундар алардын жайгашкан жеринин алсыздыгын билишет жана ал жерден келген коңшулар менен бат-баттан кагылышуулар менен байланышкан коопсуздук жана тынчтык көйгөйлөрү көрүнүп турат. Ага себептер чек аранын эки тарабындагы үйлөр жөө аралыкта, мындан улам балдар менен өспүрүмдөрдүн ортосунда анча-мынча чыр-чатактар ​​болуп, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда суу жана бактарды сугаруу үчүн жер ээлик кылуу маселеси боюнча эки өлкөнүн чоңдор ортосундагы мамилелер курчуп турат. Мындай чыр-чатактарды чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү аракеттенишет, бирок жергиликтүү калктын коопсуздук жана бирмдик жаатында жоопкерчилик жана иш аракеттери жокко эсе.

Мындан тышкары, административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга жакын жайгашкан кээ бир айылдар кошулду, бул өз кезегинде жергиликтүү тургундардын мындай реформанын себептерин түшүнбөстөн чыр чатактуу жана бөлүнүү көрүнүштөрүн кезиктирдик. Жергиликтүү калк менен иш алып барууну бекемдөө, байма бай массалык маданий иш чараларды өткөзүү абзелдиги жана социалдык кандайдыр бир теңсиздиктерди жөнгө салуу абзелдиги азыр абдан приориттетүү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) финансылык колдоосу менен ишке ашырылган “Биздин добуш” коомдук бирикмеси ишмердүүлүгүнүн алкагындагы “Жергиликтүү бийлик органдары менен жергиликтүү деңгээлдеги коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун демилгечи тобунун изилдөөсү жана иш планы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

               2.    Кербен шаарынын азыркы абалына анализ.

Социалдык биримдиктин маселелери

Негизги көйгөйлөр:

 

Бугүнкү акыбал Себептери
Жарандык коом менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ишенимдин төмөн деңгээли Жарандык коом менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ишенимдин жана ачыктыктын жоктугу көбүнчө түшүнбөстүктөргө жана чыр-чатакка алып келет Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттеринин ачык-айкын эместиги, байланыштын жана өз ара аракеттенүүнүн жоктугу
Аярлуу топторду социалдык жактан четтетүү Жаштар, аялдар жана майыптар сыяктуу аярлуу топтор көбүнчө социалдык жактан обочолонуп, коомдук турмушка катышпайт Коомдук турмушка катышуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, стигма жана дискриминация
Билимдин жана маалымдуулуктун жетишсиздиги Калк арасында коомдук биримдиктин маанилүүлүгүн жана ага кантип жетишүү керектигин түшүнбөстүк жана маалымдуулуктун жоктугу Билим берүү программаларына жана маалымат ресурстарына жетүүнүн чектелгендиги
Ар кандай топтордун ортосундагы чыр-чатактар ​​жана пикир келишпестиктер Коомчулукта ар кандай этникалык, социалдык жана курактык топтордун ортосундагы тез-тез чыр-чатактар ​​жана пикир келишпестиктер Тарыхый карама-каршылыктар, маданий айырмачылыктар, чыр-чатакты чечүүнүн эффективдүү механизминин жоктугу
Жарандык катышуунун төмөн деңгээли Жарандардын коомдук турмушка жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусунун төмөндүгү, натыйжада жарандык жоопкерчилик жана катышуу чектелүү Катышуунун маанисиздигин сезүү, бийликке ишенбөөчүлүк, катышуу үчүн мотивациянын жана стимулдардын жоктугу
Чектелген ресурстар жана колдоо Социалдык биримдикти чыңдоого багытталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн финансылык, техникалык жана адамдык ресурстардын жетишсиздиги Бюджеттин чектелүүлүгү, гранттык жана финансылык колдоонун жетишсиздиги, жергиликтүү жана улуттук бийлик органдары тарабынан жетишсиз колдоо

 

 

                                                                                                           Тенденциялар.

 

Оң  тенденциялар                                                 Терс тенденциялар
1. Аялдарды чечим кабыл алуу процесстерине тартуу үчүн иштөөгө

даяр потенциалы бар активдүү аялдар бар.

2. Административдик жана коммерциялык мүмкүнчүлүктөрү бар аймактык борбор.

3. Билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун айыл жерине салыштырмалуу жетиштүү деңгээли.

1. Кербен шаарынын СЭӨПтүн  негизги кемчиликтеринин бири социалдык блоктун жетишсиз интеграциясы болуп саналат. Тактап айтканда, аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана калктын аярлуу катмары менен иштөө боюнча программалар жок. Мындан тышкары, жаштар менен өз ара аракеттенүү бир гана иш-чара менен чектелет – «Көк бөрү» оюнун өткөрүү жаштардын демилгелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө жардам бербейт.

2. Кесиптик кадрлардын билиминин жетишсиздиги: Социалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл билимге жана көндүмгө ээ адистердин жетишсиздиги.

3. Жарандардын аз катышуусу: Кербен шаарында тургундардын коомдук иштерге катышуусу аз. Жарандар чечим кабыл алууга, иш-чараларды уюштурууга, коомчулуктун көйгөйлөрүн чечүүгө катышпайт.

4. Диалогду уюштуруудагы кыйынчылыктар: Кербен шаарынын мэриясына жарандардын ишенимсиздиги болуп турганда, жарандык коом менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда натыйжалуу диалогду камсыздоо кыйын.

5. Экологиялык көйгөйлөр: Шаардын таштанды таштоочу жайынын көйгөйлөрү, жашоочулардын экологиялык билиминин жоктугу таштандыларды сорттоо боюнча көндүмдөрдүн жетишсиздигинен, жалбырактарды өрттөп, таштандыларды көчөгө ыргытуудан жана өз аймагында жана шаардын тазалыгын сактабагандыктан көрүнүп турат. бир бүтүн.

6. Чектелген ресурстар: Бюджеттин начар бөлүштүрүлүшүнө байланыштуу чектелген ресурстар социалдык биримдиктин программаларын андан ары ишке ашырууга тоскоолдук кылышы мүмкүн.

7.Гендердик сезимталдуулук: гендердик теңдик жана сезимталдуулукка багытталган иш-чаралар иш жүзүндө гендердик сезимтал эмес.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

          3.    ПРИОРИТЕТТҮҮ  БАГЫТТАР ЖАНА СУНУШТАР

  1. Социалдык блокту кеңейтүү:
  • Аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Бул зомбулуктун курмандыктары үчүн тренингдерди, маалыматтык кампанияларды жана кеңештерди камтышы мүмкүн.
  • Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, карылар, майып балдар жана үй-жайсыздар сыяктуу калктын аярлуу катмарына түшүндүрүү иштерин кеңейтүү.
  • Социалдык программаларды колдоо жана ишке ашыруу үчүн коммерциялык эмес уюмдарды жана коомдук активисттерди тартуу.
  1. Жаштар менен иштөөнү күчөтүү:
  • Жаштар үчүн иш-чараларды, анын ичинде салттуу оюндарды гана эмес, билим берүүчү семинарларды, тренингдерди жана долбоорлорду да диверсификациялоо.
  • Коомду, айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү жакшыртууга багытталган жаштардын демилгелерин колдоо.
  1. Окутуу жана маалымат:
  • Тургундар үчүн экология маселелери, таштандыларды сорттоо, көчөлөрдү таза кармоо жана туруктуу өнүгүүнүн башка аспектилери боюнча семинарларды жана курстарды өткөрүү.
  • Калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн маалыматтык брошюраларды жана жарнамалык кампанияларды түзүү.
  1. Башка уюмдар менен өнөктөштүк:

Социалдык жана экологиялык программаларды ишке ашырууда тажрыйбасы бар жергиликтүү жана

эл аралык уюмдар менен кызматташуу.

  • Башка шаарлар жана райондор менен тажрыйба жана алдыцкы тажрыйба алмашуу.

 

Негизги перспективалар багытындагы сунуштар:

 

  • Бир тууган шаарлар демилгеси: достукту жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн Кербен менен Намангандын ортосунда бир тууган шаар статусун расмий түрдө белгилөө.

 

  • Биргелешкен иш-чаралардын планы: Социалдык биримдик, тынчтыкты орнотуу жана 1325-резолюцияны ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анын ичинде алмашуу сапарлары, маданий жана билим берүү программалары.
  • Эл аралык жаштар форумдары: эки шаардын жаштары үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоого жана тажрыйба алмашууга багытталган эл аралык форумдарды жана конференцияларды үзгүлтүксүз уюштуруу. Эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана урматтоону өнүктүрүү үчүн маданий алмашууларды, фестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү.
  • Тынчтыкты куруу долбоорлору: Тынчтыкты бекемдөөгө жана чыр-чатактарды алдын алууга багытталган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анын ичинде тынчтыкты орнотуу жана коомдук биримдик боюнча тренингдерди жана семинарларды өткөрүү.
  • Билим берүү программалары: Кербен жана Наманган шаарларынын студенттери жана жаш адистери үчүн алмашуу билим берүү программаларын жана стажировкаларды уюштуруу.

                                    1325-Резолюцияны аткарылышы

 

Демилгелүү топтун иш планын түзүүдөн мурун СЭӨП талдоого алынган. СЭӨП талдоосуна ылайык, гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча иш-чара жок экендигин аныкталды. Программада каралган ишмердүүлүк гендердик сезимтал эмес, ошондуктан бул иш планы 1325 негизги компоненттерин камтыйт жана гендердик теңчиликти илгерилетүүгө багытталган. 7 демилгенин 5и аялдардын демилгеси. Аялдардын бардык демилгелери планга киргизилген.

 

Ошондой эле аялдар тарабынан, балдарга байланыштуу демилге сунушталган. Бул демилге балдардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүүгө багытталган.  Аялдар өнүгүүнү каалашкандыктан, бирок дайыма балдарга кам көргөндүктөн, алар үчүн экономикалык жана коомдук иштер менен алек болуу кыйынга турат, айрыкча кичинекей балдары барлар.

Бул демилге Улуттук пландын №2 максатын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.   №2 максат аялдар үчүн татыктуу эмгекти камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган.

Ошондой эле иш планга коомчулукта тынчтык орнотуу, чыр-чатактарды болтурбоо жана коомдук биримдиктин принциптерин жайылтууга багытталган демилгелер камтылган.

 

4.    2024-жылга карата иш план

 

Долбоордун аталышы Максаты Кутүлүүчү натыйжалар Бюджет Аймак Демилгечинин байланыштары
1 Балдар биздин келечек Ак- Дөбө айылында мектепке чейинки 60 баланы 10 сааттык балдар бакчасынан билим алууга шарт тузуу менен 10%га камтылуусун жогорулатуу. • Ашар жолу менен 2 тайпага ылайык 900  чарчы метр имарат курулуп кошулду;
• Балдар бакчасын керектүү жабдуулар менен  камсыздалды;
• Электрондук тизме аркылуу балдар бакчасына келе турган 60 балдардын тизмеси аныкталды, кабыл алуу документтери алынды;
• Элдердин ичинде тушунуу иштери жургузулду, элдердин арасында тушунуу пайда болду;
• Электрондук тизмекке туруу боюнча маалымдуу болушту;
• Ачылуу аземи отуп 120 адам катышуусу менен болду жана отчеттук иш чарада салынган жана тартылган иш каражаттардын маалыматы берилди;
• Алты адам жумуш орундары менен камсыздалып жана эмгек маяналары орто эсеп менен 15-20 миндин ортосунда болду
6862800, ПРООН 862800 , Ө\С 6000000 Ак Доб Шадыбекова Бүзакра, 773 682 083
2 “Санариптик билим беруу жаны билим баскычы” Кызыл Капчыгай айлынын 11-18 жаштагы балдардын ИТ боюнча билим денгээлин жогорулатуу, заман талабына ылайыктуу компьютердик сабатсыздыгын жоюу. • Оспурум балдардын компьютердик сабатсыздыгы жоюлат;
• Бош убактысын туура пайдалынып, кружокко катышып, терс корунуштордон алдын алууга мумкунчулук тузулот;
• Окучуулардын билим денгээли жогорулап, басмырлоо жоюлат
477270, ПРООН 447270 , Ө\С 30000 Кызыл Капчыгай Ормошова Сабира, 773845584
3 “Кызыктуу билим дуйносуно саякат” Мамай айылындагы 95 мектеп окуучуларынын билим сапатын мектептеги материалдык  жана техникалык жабдууларын бекемдоо аркылуу 30%га жогорулатуу. 1. 13 мугалим технологияларды колдонуу жаатында  дараметин жогорулатты;
2. Ар бир сабакка интерактивдуу ыкмалар менен сабак отуу киргизилди;
3. Мектептин материалдык, техникалык базасы пайда болду;
4. Атайын компьютердик класс бар;
5. Окутуу пландарына жана балдарга кошуча сабактар кирди.
485838, ПРООН 455838 , Ө\С 30000 Мамай Аккулуева Майрамкан, 0507787271
4 Спорт билим беруунун негизги болугу Курулуш айлынын 7-18 жаштагы балдардын физикалык жана менталдык денгээлинжогорулатуу • Курулуш айылынын 200 окучуулар “Дене  тарбия” сабагына катышты;
• Ден соолук чындоо учун мектептеги 6 кружоктор ачылды/ишке киргизилди (воллейбол, баскетбол, мини футбол, кичи теннис, тогуз торгоол, шахмат/шашки;
20390200, ПРООН 367200 , Ө\С 20023000 Курулуш Айтмырзаев Мырзаким, 779 475142
5 “Сугат суу” Кызыл Кыпчыгай айылында 80 кожолукту суу менен камсыз кылуу аркылуу чыр чатактарды азайтуу, ашар аркылуу элдин ынтымагын бекемдөө 1.80 кожолук сугат суусу менен камсыздалды жана суу талаш чыр-чатактарынын себептери жоюлду, социалдык чыналуулар азайды.

2.Жашоочулардын жалпы максаты сугат сууга жетүү үчүн айыл тургундарынын жамааттык катышуу “Ашар” ыкмалары ишке ашырылды.

3.Социалдык объектилердин жана жеке үйлөрдүн айланасын жашылдандыруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.

4.Эгин, момо-жемиш тушумдорун сапаттуу жана жетиштуу олчомдо алуу менен жашоочулардын муктаждыктары жана керектоолору азая баштады.

5.Сугат суу долбоорунун туруктуулугун камсыздоо боюнча жамааттын ишмердуулугу иштей баштады.

576050, ПРООН 426320 , Ө\С 150000 Кызыл Капчыгай Момунов Абибила, 0505 858922
6 Полигон кербен Кербен шаарынын аймагындагы  5,6 га таштанды таштоочу полигонду  королоо менен 7944 кожолуктагы  тургундардын ден соолугуна кам көрүлүп, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири азайып, экологиялык коопсуз абал түзүлүп, ар түрдүү чыр-чатактар азаят. 1. Кербен  шаарынын аймагындагы  5,6 га таштанды таштоочу полигон   королонот;
2. Элдер арасында тушундуруу иштери журуп, таштандыларды иргектоо жакшы журуп, башкаруу системасы жонго салынат;
3. Кербен шаарынын мэриясынын жана тазалык иш канасынын ортосунда болуп жаткан     чыр-чатактар токтойт, ынтымак бекемделип,коомдук биримдик чыңалат;
4. Кербен шааарынын аймагындыгы 7944 кожолуктун тургундарынын   таштандылары боюнча көйгөйлөрү чечилип, экологиялык таза аймакка айланат;
5. Тазалык ишканасынын кызматына толомдор оз убактысы менен болгондуктан озун каржылоо жакшырып, озун озу каржылоо даражасына мумкунчулук жаралат;
6. Шаардык бюджеттин каражаты башка артыкчылыктуу багыттарга болуу мумкунчулугу жаралат;
7. Жугуштуу ооруларддын саны азайат;
8. Таштандылардын суу жана жерге тийгизген терс таасирлер азаят;
9. Ар бир убакыт аралыгында полигонго жер болуу менен жараксыздыктан чыгаруу азайат, анткени таштандыларды тургундар туура башкаруу маданиятынын алкагында аз чыгарып башташат;
10. Таштанды чыгаруу маселеси чечилсе, үй-бүлөлүк таштандылар жаатында басымдуулук, жоопкерчилик жогорулайт.
910400, ПРООН 610400 , Ө\С 300000 Кербен Абдылдаева Дамира , 0778180818
Кербен шаарынын Жерге-Тал  айылындагы  2 га таштанды таштоочу полигон королоо менен 1444 кожолуктагы  тургундардын ден соолугуна кам көрүлүп, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири азайып, экологиялык коопсуз абал түзүлүп, ар түрдүү чыр-чатактар азаят. 1. Жерге Тал айыл аймагындагы  2 га таштанды таштоочу полигон   королонот;
2. Элдер арасында тушундуруу иштери журуп, таштандыларды иргектоо жакшы журуп, башкаруу системасы жонго салынат;
3. Жерге Тал айыл аймагындагы жана тазалык иш канасынын ортосунда суйлошуулор журуп, тарифтик пландар бекитилип элдин макулдугу менен коомдук биримдик
4. Жерге Тал айыл аймагындагы аймагындыгы 1444 кожолуктун тургундарынын   таштандылары боюнча көйгөйлөрү чечилип, экологиялык таза аймакка айланат;
5. Тазалык ишканасынын кызматына толомдор оз убактысы менен болгондуктан озун каржылоо жакшырып, озун озу каржылоо даражасына мумкунчулук жаралат;
6. Шаардык бюджеттин каражаты башка артыкчылыктуу багыттарга болуу мумкунчулугу жаралат;
7. Жугуштуу ооруларддын саны азайат;
8. Таштандылардын суу жана жерге тийгизген терс таасирлер азаят;
9. Ар бир убакыт аралыгында полигонго жер болуу менен жараксыздыктан чыгаруу азайат, анткени таштандыларды тургундар туура башкаруу маданиятынын алкагында аз чыгарып башташат;
10. Таштанды чыгаруу маселеси чечилсе, үй-бүлөлүк таштандылар жаатында бтлтмдуулук, жоопкерчилик жогорулайт.
642000, ПРООН 442000 , Ө\С 200000 Жергетал Осмонова Анара, 0774904688

 

 

               

 

                      5.    Жумушчу топтун милдеттери

 

 

Жумушчу топ оз ыктыяры менен түзүлгөн жана жаш депутаттардан, мэриянын кызматкерлеринен, ошондой эле, жарандык активистерден турат жана мэриянын макамы менен бекитилген.

 

 

Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн негизги милдеттери:

 

 

  • Тургундардын катышуусу менен алардын актуалдуу көйгөйлөрүн аныктоо.

 

  • Планды иштеп чыгуу, гендер жана коомчулуктун биримдүүлүгү боюнча тренингге катышуу;

 

  • Планды иштеп чыгуу: көрө билүү, стратегиялык багыттар, милдеттер жана иш-чаралар;

 

  • Пландын долбоорун талкуулоо үчүн жалпы угууларды өткөрүү;

 

  • Шаардык кеңештин депутаттарына планды презентациялоо жана шаардын ПСЭРине киргизүү.

 

  • Планды ишке ашыруу боюнча мониторинг.

 

  • Мүмкүнчүлүккө жана актуалдуулукка жараша планды оңдоо жана
Админ
Автору Админ July 30, 2024 09:44

Кызмат көрсөтүү