2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/9 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын Кызыл-Капчыгай айылынын Тесколот көчөсүнө эмгек ардагери, ардактуу мугалими Момунов Жапаралы Корголовичтин ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кербен шаарынын Кызыл-Капчыгай айылынын Тесколот көчөсүнө эмгек ардагери. Ардактуу мугалим, коомдук ишмер Момунов Жапаралы Корголович ысмын ыйгаруу жөнүндө Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 58 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Кызыл-Капчыгай айылынын Тесколот көчөсүнө эмгек ардагери, коомдук ишмер Момунов Жапаралы Корголовичтин ысмы берилсин жана ал көчө “ Момунов Жапаралы Корголович атындагы көчө ”,- деп аталсын.
- Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасына токтомго ыйлайык келтирсин.
- КР Өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтомуменен бекитилген КР Министерлер Кабинетиние караштуу Жер ресурстар, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин типтүү жобосун бекитүү жөнүндөгү 2024-жылдын 11- апрелдеги № 115 буйругуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттого алуу үчүн Жер ресустар, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аксы филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш. 8.07.24-ж. №26/9