Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/2 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын мэриясынын муниципиалдык менчигинде турган 0,10га жер аянтчасын КР УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө материалдык базасын чындоо үчүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30 -августундагы № 01-20/1499 катынын жана КР УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнүн 2024-жылдын 23-августундагы кириш № 01-31/431 катынын негизинде Кербен шаарында Уметалиев көчөсүндө КР УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнүн имаратынын жанындагы жайгашкан 0,10га материалдык базасын чындоо үчүн балансына өткөрүп берүү боюнча Кербен шаардык Кеңешинин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы 44 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын мэриясынын Уметалиев көчөсүндө муниципиалдык менчигинде турган 0,10га КР УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө материалдык базасын чындоо үчүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш- кагаздарын, маалымат базасына токтомго ылайык келтирсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында № 610 токтому менен бекитилген « КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жообонун 25- пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресустар, кадастр, геология жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аксы филианынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеңешинин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков.
Кербен ш. №27/2 04.09.2027-ж.