2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/4 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын суугат суу тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлерлигине караштуу Финансы кредиттик фондунун 2014-жылдын сентябрь айында “ Кербен Суу СПАсына” 2375,73 миң сом алынган кредит боюнча жана Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 25-июнь чыгыш № 01-20/1008 катынын ошондой эле Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнунда № 43 протоколунун негизинде, суугат суунун тарифин бекитүү жөнүндө сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кербен шаарынын суугат суунун тарифи 0,13 ( он үч тыйын) болуусуна макулдук берилсин.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эсеналиевке тапшырылсын.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р. Назарбеков
Кербен ш. 08.07.24-ж. №26/4