Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/16 токтому

Админ
Автору Админ September 24, 2024 09:55

 

     Кербен  шаарынын Жерге- тал айылынын тургуну, согуштун катычуусу, эмгек 

     ардагери Рыскулов Мадиштин ысымын Жерге-Тал айылынын түштүк

     тарабындагы эски бактын көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө

                         

Кербен шаарынын Жерге-Тал айылынын түштүк тарабындагы эски бактын  көчөсүнө маркум, согуштун катышуучусу, эмгек ардагери Рыскулов Мадиш ысмын ыйгаруу боюнча ушул көчөнүн тургундары 2024-жылдын  26-августунда жыйналыш өткөрүп бир добуштан макулдугун беришип кол коюшкан арызынын, жыйналыштын токтомунун негизинде  Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын  2024-жылдын 3-сентябрындагы № 62 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезексиз  жыйырма жетинчи  сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын Жерге-Тал айылынын түштүк тарабындагы көчөсү        “ Рыскулов Мадиш атындагы көчө”,-деп аталсын.
  2. Кербен шаарынын мэриясына көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап  жана

анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.

  1. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-

кагаздарын, маалымат базасына токтомго ылайык келтирсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында

№ 610 токтому менен  бекитилген « КР даректерди ыйгаруу жана

даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жообонун 25- пунктуна

негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү катоого алуу жагы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер

ресустар, кадастр, геология  жана картография боюнча  мамлекеттик

агенттикин  Аксы  филианынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.

  1. Токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү   жана  каттоо  үчүн  Жалал- Абад

областтык    юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

  1. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.
  2. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө Кербен шаардык кеңешинин

мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу  комиссиянын  төрайымы

М.Камбаровага  жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык 

                кеӊешинин   төрагасы:                                               Р.Назарбеков

Админ
Автору Админ September 24, 2024 09:55

Кызмат көрсөтүү