Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/9 токтому
Окшош макалалар
“ Кербен шаарынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын” бекитип берүү жөнүндө
КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “ Кыргыз Республикасынын айыл аймыктарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” № 370 Жарлыгына негиз “ Кашка-Суу айыл аймагынын Кашка-Суу айыл Өкмөтү” мекеси жана “ Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айыл Өкмөтү” мекемеси Кербен шаарынын мэриясына бириктирилген. Ошондуктан “ Кербен шаарынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын” бекитип берүү боюнча Кербен шаардык кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 64 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- “ Кербен шаарынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын” бекитип берүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет).
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш. № 27/9 04.09.2024-ж
Тиркеме №1
Кербен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы вгустундагы №27/9 токтому менен бекитилген
КЕРБЕН ШААРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТАРЫНЫН
УСТАВЫ (МЫЙЗАМЫ)
Биз шаардын аймагында жашаган граждандар, арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, шаар жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугун (айыл жамааттарды) түзүү менен анын коомдук жашоосунун негизги Мыйзамы катары кабыл алабыз. Алдыга койгон ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында, биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулуктун талаптарын, аймагыбызда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салттарынын асыл нарктарын өзүнө камтыган айкөл Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын ыйык тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражатыбыз катары колдонобуз:
- Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги: 2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык; 3. Улуттар ар-намыс жана атуулдук ариетт; 4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр, билим аркылуу бакубат дөөлөт; 5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк; 6. Табият менен таттуу мамиледе болу; 7. Кыргыз мамлекеттигин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Ѳз алдынча башкаруу коомдоштугунун (мындан ары жамаатынын) негизги Мыйзамы болгон Кербен шаарынынжергиликтүү жамааттарынын Уставы (мыйзамы ) төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт:
– өз алдынча башкарууга өтүүнүн негизги максаттарын; – өз алдынча башкаруунун негизги принциптери; – жамааттын өз алдынча башкаруу органдарын; – жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгуунун тартибин; – жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин; – жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын; – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын мүчөлөрүнүн катышу жолдорун; – өз алдынча башкаруу жамаатынын экономикалык жана финансылык негиздерин, коммуналдык (мындан ары ортолук) менчикке ээлик кылуу, аны пайдалануунун жана башкаруунун тартибин; – жамааттын мүчөлөрүнүн жүрүм-турумун жана коомдук тартиптин эрежелерин, жалпыга тиешелүү ыймандуулуктун, моралдын, этиканын, улуттук каада-салттардын асыл адеп нормаларын; – өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жамааттын мүчөлөрүнө колдонуучу сыйлык чараларын; – шаардын мыйзамын бузган жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына жана көрүү чараларын; – шаардын мыйзамын кабыл алуунун жана ага түзөтүүлөрдү киргизүүнүн тартибин; – жамааттын турмушундагы мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерин;
- ЖАМААТТЫН ѲЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУСУН УЮШТУРУУНУН НЕГИЗГИ ШАРТЫ ЖАНА МАКСАТТАРЫ
- Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги шарты – бул жамааттын жалпы мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги бардык коомдук пайдалуу маселелерди өз жоопкерчилигине алып, аларды мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү. 2.Ѳз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт; – мыйзам чегиндже мамлекеттик жана анын органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаган жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди шартка жараша өз алдынча турмушка ашырып турууга; – жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз өз алдынча жана убагында чечип туруу максатында, шаардык Кеңештин аймагындагы өндүрүш каражаттарын, социалдык обьектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алуунун, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук менчигин жана финансылык-экономикалык базасын түзүүнү; – шаардык Кеңештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана аны калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого; – жамааттын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократияны өнүктүрүп, мыйзамдын так сакталышына алардын аң сезимин жана активдүүлүгүн жогорулатууга;
- II. ЖАМААТТЫНѲЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ПРИНЦИПТЕРИ :
Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт: – жергиликтүү маселелерди чечүүдө жамааттын өз алдынчалыгы, өзүн-өзү камсыз кылуусу, өзүн-өзү каржылоосу, өзүн-өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу; – өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлгө алынышы жана алардын эл алдындагы жоопкерчилиги; – жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктагы маселелерди айкалыштырып чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекенттик кээ бир ыйгарым укуктарын берүү; – жамааттын өз алдынча башкаруусун өкүлдүк органы болгон шаардык Кеңештин депутаттарынын жамааттын мүчөлөрү тарабынан жашыруун, жабык жана тике шайлануусу, ал эми анын аткаруучу, тескөөчү органы болгон шаардык мэриянын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы; – – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин так чектелиши; – жамааттын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу; – социалдык акыйкаттуулуктун сакталышы; – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулугу, ачыктыгы, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кеңири катмары менен тыгыз байланышы; – жамааттын мүчөлөрүгнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда, шаардык Кеңеш менен мэриянын жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди көтөрүп жана пикир айтуу эркиндиги; – өз алдынча башкаруу органдарынын жергшилдиктүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдеринин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги;
- IV. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ
– Жамааттын оз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат; – жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлдүк органы – шаардык Кеңеш; – шаардык Кеңештин аткаруучу-тескөөчү органы- шаардык мэрия; – аймактык коомдук өз алджынча башкаруу органдары (айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук Кеңештери, турак жай, көчө жана кварталдык комитеттер жана башка); – аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары; – жамааттын материалдык-финансылык байлыктарын пайдалануу боюнча элдик көзөмөл тобу; -жамаат түздөн-түз өз алдынча башкарууну төмөндөгү джемократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырат; – жергиликтүү референдумдар; – жамааттын мүчөлөрүнүн курултайлары; – айылдык жыйындар, чогулуштар жана башка; – Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү органдарын уюштуруунун негизги тартиби жана иш- аракеттери, ошондой эле жергиликтүү референдумдарын жана жамааттын курултайларын өткөрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул шаардын мыйзамы аркылуу жөнгө салат; Эскертүү : Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз аймагында, ардагерлердин, аялдардын, жаштардын, өспүрүмдөрдүн коомдук уюмдарына жана коомдук түзүлүштөргө көмөк көрсөтүшөт жана алар менен кызматташат.
- ЖАМААТТЫН МҮЧѲЛҮГҮ
- Жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ар бир айыл башчысы ошол айылдагы 16 жаштан жогорку атуулдарды жамаатка кабыл алуу жөнүндөгү тизме түзөт, тизмеге мүчөлүккө кирүүчү атуулдун өзү кол коёт. 2. 16 жаш курагына жеткен кеңештин аймагында туруктуу жашаган, арызы менен кайрылган ушул шаардын мыйзамын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет. 3.Туруктуу жашоо үчүн башка жерден көчүп келген Кыргыз Республикасынын граждандары жеке арыздарынын негизинде мэриянын чечими менен жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Жамааттыкка мүчө болуп кирүү жөнүндө граждандардын арызы мэрия тарабынан 1 айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга жатат. 4. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймактат өзүнө жеке менчик катара тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул шаардын мывйзамын кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын граждандары өз арызынын негизинде мэриянын чечими менен жергиликтүү жамааттын мүчөсү боло алат. 5. Жамааттын алдында өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн жергиликтүү Кеңештин чечими менен «Шаардын атактуу атуулу» наамы ыйгарылган Кыргыз Республикасынын граждандары жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
- ЖАМААТТЫН МҮЧѲЛѲРҮНҮН УКУКТАРЫ
Жамааттын ар бир мүчөсү ушул шаардын мыйзамына ылайык төмөндөгү укуктарга ээ болот. 1. Жамааттын мүчөсү расасына, улутуна, динине, тилдине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүнүйө-мүлктүк жана башка абалына карбастан төмөндөгүлөргө укуктуу: – жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга; – жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого жана аларды турмушка ашыруу боюнча иш- аракеттерге катышууга; – иш тажрыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө; – жамааттын мүчөлөрү үчүн бекитилген жеңилдиктерден пайдаланууга; – жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча өз пикирин айтууга жана баа берүүгө; – жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктын ортолук менчигиндеги уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген тартиптин чегинде пайдалнууга; – жергиликтүү референдумдарга шаардын курултайларына, айылдык жыйындарга, шаардык Кеңеш менен мэриянын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүго – шаардын мыйзамында чагылдырылган укуктар, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга; – шаардын мыйзамынын эрежелерин жамааттын башка мүчөлөрү бузган учурда, өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга; – аксакалдар соту ушул шаардын мыйзамында көрсүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алган учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга; – мыйзамдын чегинде өндүрүштүк-тейлөөчүлүк (сервистик), соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга; – адал мээнет ак эмгеги менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамааттын, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна; – жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгууга: – Кыргыз Рес публикасынын мыйзамдарында жана шаардын мыйзамында каралган башка укуктардан пайдаланууга: – Аталган укуктардан жана ушул шаардын мыйзамында көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана башка жеңилдиктерден жамаатташтыктын мүчөлөрү гана пайдалана алышат.
VII. ЖАМААТТЫН МҮЧѲЛѲРҮНҮНМИЛДЕТТЕРИ
- Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү: – шаардын мыйзамынын эрежелерин бекем сактоого; – жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө; – жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган бардыке коомдук пайдалуу жумуштарга (солциалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү санитардык тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга ж.б. максаттарда уюштурулган (ашарларга) катышууга; аларды ишке ашыруу боюнча бекитилген шарттарды жана чектерди (нормаларды) милдеттүү түрдө аткарууга; – жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул шаар мыйзамынын негизинде кабыл алган бардык чечимдерин аткарууга; – жамааттын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого; – өз үйүн, короо жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбагынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга; – мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлүккө көнүл коштук менен мамитле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоого; – курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук жана сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, токой дарак, башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянаттык кылгандар менен күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого; – турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды, пайдаланууда өрт коопсуздугун, санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөк көрсөтүүгө; – жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрүн сарамжалдуу пайдаланууга; 2. Ѳзгөчө милдеттер жана парздар: – балага кам көрүү, аны туура тарбиялоо – ар бир ата-эненин милдети: – ата-энелерине камкордук көрүү – эмгекке жарамдуу жашы жетилген ар бир жаштын милдети: – жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картаңдарды, майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу жана багуу – жалпы жамааттын ыйык парзы; – улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүү, араккечтикке, уурулукка, бангиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка, жалкоолукка барбоо жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышуу – жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети; – өз үй-бүлөсүндө ынтымактуу бейпил турмушту камсыз кылуу кошуна-колоңдор менен тынчтыкта жашоо, үй-бүлө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды Ата Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттукка, интернационализмге, достукка тарбиялоо – ар бир үй-бүлө башчысынын милдети; – ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чыңдоо – шаардык Кеңештин аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети; – маркумду узатууда шарыятынын талабына ылайык кабыл алынган салтты сактоо: – маркум узаган үйдөн 3 күнгө чейин даам тартылбоо милдети; – Кара ашына кара мал, жылкы сойбоо милдети; – жыртыш , кийит кийгизүүгө тыюу салуу милдети.- спирт ичимдиктерин чектөө; – той – аш берүүдө ичкиликке тыюу салуу; – кыз берүү, келин алууда, калың алуу жана калың берүүгө тыюу салуу; – ар бир кожолук өз менчигиндеги малдарын, ит-мышыктарын жыл ичинде ветеринардык кароодон өткөрүү; – коомдук жайларда мас абалда жүрбөө; – зордуктап кыз ала качууга жол бербөө 3. Шаардагы ар бир атуул Кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улантып, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү максатында шаардык мэриянын алдында фонд түзүлүшү мүмкүн, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлөт; – ар бир айылда пада уюштурулуп, бош жүргөн мал болбоого тийиш, эгин жана чөп чабынды аянттарга түшкөн мал үчүн ээси же падачы мыйзам чегинде жаза тартат; – уруксатсыз алкоголдук ичимдиктерди сатуу одоно кылмыш катары белгиленет; – Эскертүү: той-тамаша жана шаан-шөкөт өткөрүүнүн, маркумдарды узатуунун коомдук тартиби мэрия (же айыл башчылары) менен макулдашуу аркылуу аныкталат.
VIII. ЖАМААТТЫН ѲЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУОРГАНДАРЫНЫН ФУНКЦИЯЛАРЫ
1.Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгушүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:
– тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу,ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
– муниципалдык менчикти башкаруу;
– жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
– калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
– калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
– калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
– жашты пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
– көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
– жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
– парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
-турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
– муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
– жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
– жергиликтүү маадиндеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
– жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
– тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
– коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
– элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
– бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
– балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
– дене тарбтясын жана массалык спорттьу өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
– өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү
– КР жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында ЖӨБ органдарынын карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу
- ЖАМААТТЫН ѲЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУСУНУН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК НЕГИЗДЕРИ
- Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансылык негиздерин ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт; – жамааттын карамагына мамлекет, мекеме-уюм, ишкана ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу өткөрүлүп берилген кыймылдуу жана кыймылсыз дүнүйө мүлктөр, социалдык, маданий, турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер; – жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу, жол, чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөнтүшкөн кирешелер; – жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана башка каражаттар; – кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана инвестициялар; – жаратылыш байлыктарын пайдалангандардан алынуучу акылар; – ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар; – сатылган азык-түлүктөрдөн түшкөн акылар; – өз каалоосу боюнча берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкары фонддор; – тышкы экономикалык ишмердүүлүктөн, гранттардан түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен жыйналган финансылык ресурстар; 2. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктардын мэрия тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби шаардык Кеңеш тарабынан аныкталат; 3. Жамааттын материалдык-финансылык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланышына коомдук көзөмөлдөө шаардык Кеңеш тарабынан түзүлүүчү 5-9 адамдан турган элдик көзөмөл тобу тарабынан жүргүзүлөт. Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары шаардык Кеңештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
- ЖАМААТТЫН ѲЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН КОЛДОНУЛУУЧУ СЫЙЛЫК ЧАРАЛАРЫ
- Шаардын мыйзамынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүнө;
– өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн; – алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлыктары менен сыйлоо; – мактоо баракчасын тапшыруу; «ыймандуу үй-бүлө», «Үлгүлүү үй», көчө (квартал) деген наамдарды ыйгару; – жамааттын Ардак тактасына жазуу; – жамааттын Ардак китебине жазуу; – «шаардын ардактуу атуулу» деген ардактуу наам ыйгаруу;
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү; 2. Жамааттын мүчөлөрүн, сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт; а) жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдын кварталдын жашоочуларынын, жалпы жыйындарда, аксакалдар сотуна, коомдук уюмдарга айыл башчылары, мэриянын кызматкерлерине, шаардык Кеңештин депутаттарына таандык. б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, «Ыймандуу үй-бүлө, «Үлгүлүү үй», көчө квартал деген наам ыйгаруу тууралуу чечим мэрия тарабынан кабыл алынат.в) Жамааттын Ардак тактасына жана Ардак Китебине жазуу, «Айылдын ардактуу атуулу», деген наам ыйгаруу, ошщондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлдекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдери мэриянын сунушу боюнча шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
- ЖАМААТТЫН МҮЧѲЛѲРҮНѲ ЖАНА ѲЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН КУРАМЫНА КѲРҮЛҮҮЧҮ ЖАЗА ЧАРАЛАРЫ
- Жамааттын мүчөсү өз арызы боюнча мүчөлүктөн чыга алат. 1. а) Шаардын мыйзамынын эрежелери н сактабаган жамааттын мүчөлөрүнө төмөндөгү жаза чаралары колдонулат: – оозеки же жазуу жүзүндөгү эскертүү; – жашаган жерлеринде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасир көрсөтүү; – өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жеңилдиктерден жана ардак наамдардан ажыратуу; – белгиленген тартипте шаардын жазаларын колдонуу; – жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу; – жамааттын мүчөсү шаардын мыйзамынын эрежелерин сактабагандыгы үчүн аксакалдар сотунун чечиминин негизинде шаарлдык Кеңештин жыйынында каралып, жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарылат, жамааттын мүчөсүнөн чыгарылган атуул жамааттын мүчөлөрүнө ыйгарылган укуктардан, камкордуктардан ажыратылат. Эгерде ошол жамааттын мүчөсү коомдук тартипти бузуп ар дайым ичкилик ичип алып жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарына шеек келтирсе, туура эмес жүрүм-туруму менен тынчтыкт бербесе, анда аны мыйзам чегинде башка турак жай бербей чыгарып жиберүүжагын чечип берүүнү сот органдарына мэрия сунуш киргизүүгө укуктуу. 2. Жогорудагы көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамааттын мүчөлөрүнүн айыл башчысынын; өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча шаардык Кеңеш, мэрия, мэр, аксакалдар соту тарабынан колдонулат. 3. Шаардын мыйзамынын эрежелери н одоно түрдө бузган же өз милдеттерин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат: а) мэр тарабынан мэрия кызматкерлерине, айыл башчылары жана жооптуу кызматкерлерине; – жазуу жүзүндөгү эскертүү – төмөнкү кызматка которуу; – кызматтан алып салуу; мэриянын кызматкерилигинен чыгарып салуу; б) шаардык Кеңештин депутаттарынынүчтөн экисинин чечими менен; – айыл башчысына эскертүү берүү; – мэрге,мэрия кызматкерлеринин жалпы курамына, же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө; – аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө; – элдик көзөмөл тобунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрспөө; в) шаардык Кеңештин курамына же жеке депутаттыкка мыйзамгаылайык жамааттын шайлоочулары тарабынан ишенимкөрсөтпөө; 4.Айыл башчысына; мэрияга жанашаардык Кеңештин жалпы курамына ишенимкөрсөтпөө жөнүндө чечимдертекшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин ганаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толугу менен чечилет. – Агын сууларды булгагандарга жана мурабга баш ийбеген инсандаргамыйзам чегинде штраф салынат; – Жайлоого өзубагында көчпөй жана өз мезгилинде көчүп келбей эгинге жана чөп жайытка зыян келтиргендерге мыйзам чегинде жаза колдонулат; – балдарын билим алуугажолтоо болгон, тартип бузган окуучулардын ата-энелерине, мыйзамдын негизинде штраф салынат;
ХII. ЖАМААТТЫН ѲЗГѲЧѲ УКУКТАРЫ
- Жамааттын өтө маанилүү болгон айрымсоциалдык-экономикалык, чарбалык жана маданий маселелердибашка өз алдынча башкаруу жамааттары мененбиргелешип чечүү максатында, мыйзам чегинде белгиленген тартипте ар кандай деңгээлде түзүлгөн жергилктүү өз алдынча башкаруу боюнчабирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу. 2. КыргызРеспубликасынын мыйзамдары белгиленген тартипте жамааттын чет өлкөлүк жана эл аралык алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу. 3. Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулук каражаттарын(гезит, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндөр ж. б.)мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
XIII. ШААРДЫН УСТАВЫН (МЫЙЗАМЫН) КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА ѲЗГѲРТҮҮ ТАРТИБИ
1.Жергиликтүү жамааттардын уставдары тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.
2.Жергиликтүү жамааттардын уставдары менен жергиликтүү кеңештин жана аткаруу органынын өз ара мамилелеринин тартиби жана ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелери аныкталат.
3.Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес сандагы депутаттарынын тобунун сунушу , тиешелүү жарандардын топторунун, курултайларынын чогулуштарынын чечимдери боюнча каралат жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиденкем эмес добуштарынын көпчүлүгү менен жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат.
4.Эгерде ушул устав менен жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер устав менен жөнгө салынбаса, анда алар КР мыйзамдары менен жөнгө салынат.
5.Жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органында жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү катталууга жатат.
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы (уставдын текстин тиркөө менен) ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
XIV. ЖЫЙЫНТЫК, ТИЛЕК
Урматтуу жамааттын мүчөлөрү !
«Ырыс алды ынтымак» – деп ушул өзүбүз кабыл алган шаардынУставын ( мыйзамын) бир добуштан колдоп жана кыйшаюусуз аткаралы, «сабырдын түбү сары алтын» – деп чекилик иштерге барбай нысап кылып, мыйзамыбызды калыбына келтирүүгө талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап, мамлекет берген укуктан толук пайдаланып өз тагдырыбызды өз колубузга алалы, өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы !
Кербен шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы: К.Омуралиев