Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/8 токтому

Админ
Автору Админ September 24, 2024 10:07

     Кербен шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын комплекстүү  тейлѳѳ жана ѳнүктүрүү, жайыт жерлерин                   натыйжалуу башкаруу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн муниципиалдык ишкана түзүү жөнүндө

 

            КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “ Кыргыз Республикасынын айыл аймыктарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” № 3770 Жарлыгына негиз  “ Кашка-Суу айыл аймагынын Кашка-Суу айыл Өкмөтү” мекеси жана “ Жерге-Талайыл аймагынын Жерге-Тал айыл Өкмөтү” мекемеси  Кербен шаарынын мэриясына бириктирилген № 370 Жарлыктын алкагында иштелип чыккан жобонун 2-бөлүмүнүн 8-пунктчасына жан Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы  №01-20/1520 катына негиз Кербен шаардык кеӊешинин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын 2024-жылдын 3- сентябрындагы № 63 токтомун  карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1.   Кербен шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын комплекстүү  тейлѳѳ жана ѳнүктүрүү, жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн Кербен шаарынын мэриясынын  астында муниципиалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
  1. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин  мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

 

 

          Кербен шаардык

          кеӊешинин төрагасы:                                              Р.Назарбеков

 

Кербен ш. № 27/8 04.09.2024-ж

Админ
Автору Админ September 24, 2024 10:07

Кызмат көрсөтүү