Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 6/5 токтому

Админ
Автору Админ September 26, 2017 09:48

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

                                  Т О К Т О М

Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылындагы Жетиген айылына чектеш Абдыкаар уулу Нурлан
жашаган көчөгө эмгек ардагери  Асанов  Осмонбектин ысмын берүү жөнүндө «КР географиялык аталыштар жөнүндө»
Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 5-августундагы “Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылындагы Жетиген айылына чектешкен
Абдыкаар уулу Нурлан жашаган көчөсүнө эмгек  ардагери Асанов Осмонбектин ысым берүү жөнүндө” № 8 токтомун карап
жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылындагы Жетиген айылына чектеш Абдыкаар уулу Нурлан жашаган көчөгө
Асанов Осмонбектин ысмы берилсин жана ал көчө “Асанов Осмонбек атындагыкөчө”,-деп аталсын.
2.Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун
жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3.Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы,
өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
4.Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын
токтомго ылайык келтирсин.
5.КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу
жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө”жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча
даректүү  каттоого  алуу жагы Аксы райондук  жерге  жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо
башкармалыгына  сунушталсын .
6.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык  юстиция  башкармалыгына
жөнөтүлсүн.
7.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб – сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы
М.Камбаровага тапшырылсын.


                                         Кербен шаардык
                                         Кенешинин төрагасы :                                Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 08.09.2017-ж. № 6/5

 

 

 

Админ
Автору Админ September 26, 2017 09:48