Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 7/5 токтому

Админ
Автору Админ November 28, 2017 09:41

Кербен   шаардык   Кенешинин   VII  чакырылышынын  
                          кезектеги  жетинчи  сессиясы

                                             Т О К Т О М

Кербен  шаардык  Кеңешинин   депутаты  А.Мырзаевдин
депутаттык   ыйгарым   укуктарын   мөөнөтүнөн   мурда
                                        токтотуу   жөнүндө

«Кыргызстан»  саясий  партиясынын  тизмеси  менен  шайланган  Кербен  шаардык 
Кеңешинин  депутаты    Мырзаев  Абдрашиттин  депутаттык  ыйгарым  укугун 
мөөнөтүнөн  мурда  токтотуу  жөнүндө  жазган  арызын  канааттандыруу   максатында,
«Жергиликтүү  Кеңештердин  депутаттарынын  статусу  жөнүндө» КР  Мыйзамынын
3-беренесине  жана  Кербен  шаардык  Кеңешинин  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу 
комиссиясынын 2017-жылдын  14-ноябрындагы  №13токтомуна  негиз  маселени  карап 
жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги 
жетинчи   сессиясы

                                               ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.«Кыргызстан»саясий партиясынын тизмеси  менен  шайланганКербен  шаардык  Кеңешинин 
депутатыА.Мырзаевдин  депутаттык  ыйгарым  укуктарын  мөөнөтүнөн  мурда  токтотууга 
макулдук  берилсин.

2.Бул  токтом  КР  БШКсынын  кароосуна  жөнөтүлсүн  жана  кезектеги  талапкерлерге  депутаттык 
мандат  ыйгарып  берүү  жагы  сунушталсын.

3.Токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция
башкармалыгына  жөнөтүлсүн  жана «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялансын.

4.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу комиссиянын 
төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.


                               Кербен   шаардык  
                               Кенешинин   төрагасы :                                       Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 21.11.2017-ж. № 7/5

 

Админ
Автору Админ November 28, 2017 09:41