Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/6 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын айрым тургундарына “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кербен шаарынын экономикалык-социалдык өнүгүүсүнө жана калктын ден-соолугун чыӊдоодо, саламаттыгына кам көрүүдө, ошондой эле жогорку денгээлде сот адилаттүүлүгүн камсыз кылууда, мекенди коргоодо кошкон зор салымдары үчүн “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө Кербен шаарынын мэринин 2020-жылдын 18-декабрындагы № 3-34/702, 2021-жылдын 9-февралындагы № 3-35/112 , Аксы РОАА жана МСЭКБнун, райондук үй бүлөлүк медицина борборунун, аймактык ооруканаларынын сунуштарын, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 51 жана 18-февралдагы № 57 – токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кербен шаарынын төмөнкү тургундарына “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилсин:
-Табалдиева Суусар Мурсабекова – Аксы аймактык ооруканасынын бөлүм башчысы;
-Кыдыралиев Жеӊишбек Маматович – Кербен медициналык тез жардам бөлүмүнүн улуу фельдшери;
-Айылчиев Муктаралы – Аксы райондук ОАА жана МСЭКБнун бөлүм башчысы;
-Өмүралиев Түгөлбай Турдубаевич – Баткен согушунун катышуучусу;
-Масалбеков Айбек Толубаевич – Баткен согушунун катышуучусу;
-Момунов Рахманжан Маматкеримович – эмгек ардагери
-Дарманкулов Манасбек Маширапович – Аксы райондук сотунун төрагасы
2.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен ш. 22.02.21 ж. № 27/6