Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 11/3 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 0,98 га жерди калктуу
конуш жер категориясына которуу жөнүндө
Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 0,98 га жерди калктуу конуш
категориясына которуу жөнүндө Кербен шаарынын мэриясынын 17.03.2018-ж.
№ 3-34/216 кайрылуусун жана жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу
комиссиясынын 12.04.2018-ж. № 4 токтомун карап чыгып, Кербен шаардык
Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 0,98 га жер аянтын калктуу
конуштар категориясына которууга макулдук берилсин. - Кербен шаарынын мэриясына, КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү
иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын. - Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык калктуу конуш категориясына
которуу жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациядан суралсы. - Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад
областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. - Токтом «www. Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Сарыевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеңешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен шаары,18.04.2018-ж. № 11/3