Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/12 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга өздүк салымга, стимулдук грантка жана проекттерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30-августундагы № 3-44/405 катында Кербен шаарынын мэриясы тарабынан 2025-жылга карата даярдалуучу долбоорлорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароого макулдук берүү боюнча Кербен шаардык кеңешинин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясыын 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 46 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын мэриясына 2025-жылга өздүк салым катары стимулдук гранттарга жана долбоолорго өздөрүүнө керектуу каражатын бюджеттен бөлүүгө макулдук берилсин.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков.
Кербен ш. № 27/12 04.09.2024-ж