Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 11/1 токтому

Админ
Автору Админ April 23, 2018 11:02

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
         VII чакырылышынын  кезексиз  он  биринчи  сессиясы

                                            Т О К Т О М

            Кербен  шаарынын  муниципалдык  базарынын
                                 маселелери  жөнүндө

Кербен  шаарынын  муниципалдык  базары  2003-жылы  жалпы  элдик 
жыйындардын  сунуштарынын  негизинде  Ак-Дөбө  айылынын  тургуну 
М.Баймырзаевге   ижара  келишими  менен  2017-жылдын  23-ноябрына 
чейин  берилген. Ушул  аралыкта  М.Баймырзаев  келишимде  көрсөтүлгөн 
ижара  акыны  өз  убагында  төлөп  келген. Бирок  келишим  мөөнөтү  аяктар 
алдында  Кербен  шаарынын  мэриясын  сотко  берип, менчик  ээси  болууга 
аракет  жасаган. Анын  арызын  райондор  аралык  сот  карап  чыгып, арыз 
канаттандырылган (15.12.2017-ж. № АД-756/17 МД). Шаардык  мэрия 
аппеляциялык  арызы  менен  Жалал-Абад  областтык  сотуна  кайрылып, 
мурдагы  соттун  чечими  толугу  менен  жокко  чыгарылды (11.04.2018-ж. 
№АД-756/17-МД,АД-06-81/18-АД).Же болбосо Кербен  шаарынын муниципалдык
базары  өз  калыбына  келтирилип  мэриянын  балансында  калды.
Кербен  шаардык  Кеңешинин  жер  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу 
комиссиясынын  2018-жылдын 16-апрелиндеги № 6 токтомун  жана  шаардын 
мэриясынын 2018-жылдын  16-апрелиндеги  № 3-34/286 кайрылуусун  карап 
жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кенешинин  VII-чакырылышынын 
кезексиз  он  биринчи  сессиясы

                                      Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарынын  мэриясы,Кербен  шаарынын  муниципалдык  базарын  толугу
менен  өз  көзөмөлүнө  алып  жыйымдарды  алууну  өз  милдетине  алсын.

2.Кербен  шаарынын  мэриясы, комиссиянын  көзөмөлүндө  жыйым  алууну  уюштурсун.

3.Аксы  райондук  мамлекеттик  администрациясынан  жума  базар  күнү  жыйым  
алуу  мезгилинде  коомдук  коопсуздукту  камсыздап  берүү  боюнча  райондук 
прокуратура  жана  РИИБ  жетекчилерине  тиешелүү  тапшырмаларды  берүү 
жагы  суралсын.

4.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5.Токтом  «www.  Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.

6.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу
комиссиянын  төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

                     Кербен  шаардык
                     Кеңешинин  төрагасы:                             Н.Шадыбеков

 Кербен  шаары,18.04.2018-ж. № 11/1

Админ
Автору Админ April 23, 2018 11:02