Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 15-мартындагы № 17/7 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын таза суу тармагын реабилитациялоо үчүн
ЕБРР тарабынан каржылануучу кредит жөнүндө
Калкты таза суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында
2018-2019-жылдар аралыгында Кербен шаарында суу тармактарын
реабилитациялоо боюнча МВФтин каржылоосунда гранттык долбоор
иштеп жаӊы суу түтүктөрү тартылууда. Бул долбоор 2019-жылы аяктайт.
Мындан сырткары, Кербен шаарынын мэриясы шаардын тазасуу
менен камтылбаган бөлүгүнө таза суу линиясын тартып, ар бир үйгө
суу эсептегичтерди орнотуу, райондук ооруукананын саркынды суулары
үчүн канализацияны оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзүү максатында
ЕБРРден кредит алуу ниетин билдирип, 2019-жылдын 12-мартында
№ 3-34/158 кайрылуусун шаардык Кеӊештин кароосуна киргизип
макулдук сураган.
Депутаттардын сунушу менен шаардын мэриясы тарабынан жер-жерлерде
кредит алуунун шарттары боюнча чогулуштар өткөрүлүп, көпчүлүк жерде
кредит алуу сунуштары колдоого алынган эмес, “КР ЖӨБ органдары
жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз,жогорудагы маселени карап
жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын
кезектеги он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кербен шаарынын мэриясынын шаардын таза-суу тармагын жакшыртууга
ЕБРР тарабынан каржылануучу кредит үчүн шаардык Кеӊештин макулдугун
алуу сунушу колдоого алынбагандыгы белгиленсин.
2.МВФ тарабынан каржыланган Кербен шаарын “таза суу менен камсыздоо”
долбоору 2019-жылы аяктагандан кийин толук инвентаризация жасалып,
иштин көлөмү аныкталгандан кийин таза суу тармагын каржылоо булагын
издөө сунушталсын.
3.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад
областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин
күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен шаары, 15.03.2019-ж. № 17/7