Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 25-августундагы № 6/5 токтому

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:38

 

“Аксы райондук этнографиялык аймак таануу” музейин уюштуруу маселелери жөнүндө

 

Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 23-августундагы  “Аксы райондук этнографиялык аймак таануу” музейин уюштуруу маселелери жөнүндө № 13 токтомун КР “ЖМА жана ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык карап жана талкуулап чыгып  Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезексиз  алтынчы  сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. “Аксы райондук этнографиялык аймак таануу” музейин уюштуруу жагы колдоого алынсын.
  2. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим беруу, саламаттыкты сактоо,  регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                                     Ж.Омуралиев

Кербен ш. № 6/5  25.08.22-ж.

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:38