Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 20/6 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
Т О К Т О М
Эмгек ардагери, Кербен шаардык Кеӊешинин бир нече жолку
депутаты Таштанов Шүкүр Жумановичтин ысмын № 52 Мамай
негизги билим берүүмектебине ыйгаруу жөнүндө
Аксы райондук билим бөлүмүнүн 22.10.2019-жылдагы № 01-16/764 кайрылуусун жана Кербен шаарынын мэринин 17.10.2019-жылдагы № 3-34/637, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 22.10.2019-жылдагы № 41 токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүүчү мектебине эмгек ардагери Таштанов Шүкүр Жумановичтин ысмы берилсин жана ал “Таштанов Шүкүр Жуманович атындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүү мектеби”, деп аталсын.
- Таштанов Шүкүр Жуманович атындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүүчү мектебинин мөөрүн жана аталышын кайрадан жасатып жаздыруу иштери аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жонотулсун.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен шаары, № 20/6 12.11.2019-ж.