Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2020-жылдын 7-октябрындагы № 25/1 токтому

Админ
Автору Админ January 19, 2021 15:42

 2020-жылдын 4-октябрындагы  КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча өткөрүлгөн митингден кийинки Бишкек шаарында жана жер-жерлердеги баш аламандык кырдаалдын алдын алуу чаралары жөнүндө

            Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин  КР ЖК депутаттарын шайлоодон кийинки 5-октябрдагы нааразычылык митингинин таасиринен жер-жерлерде, анын ичинде Кербен шаарында да элдик толкундоолор болуп жатканын жана аны жөнгө салуу боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII-чакырылышынын  кезексиз  жыйырма бешинчи  сессиясы

                                               Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен шаарынын мэрия Н.Эсеналиевдин билдирүүсү эске алынсын.

2.Кербен шаарынын мэриясы Аксы РИИБ менен биргеликте:

– ар бир айылда элдик кошундарды уюштурсун;

– Кербен шаарындагы соода түйүндөрүнүн, мекеме-уюмдардын кадимки ыргакта иштөөсүнө көзөмөл жүргүзсүн жана аларды коргоо чараларын көрсүн;

– Кербен шаарында жогорудагы иш чараларды координациялоо боюнча штаб түзүлсүн;

– Ар бир айылда абройлуу инсандардын катышуусунда эл арасында түшүндүрүү, тартипти сактоо боюнча жыйындар өткөрүлсүн;

– Элдик кошундарда жүргөн Аксы РИИБнин кызматкерлерине ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, тиешелүү уюштуруу маселелерине жардам көрсөтсүн.

3. Кербен шаарынын мэриясына жогорудагы иш чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин “өзгөчө кырдаалдын алдын алуу” беренесинен каржылоого уруксат берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө төраганын орун басары Ч.Мамытовго жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                              Н.Шадыбеков

Кербен ш. 07.10.20ж. № 25/1

Админ
Автору Админ January 19, 2021 15:42