Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/10 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылындагы “Тоо” көчөсүнө Шералиев Абдыкеримдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылындагы “Тоо” көчөсүнө Шералиев Абдыкеримдин ысмын ыйгаруу жөнүндө Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 53-токтомун карап чыгып ал токтом четке кагылды.
Жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылындагы “Тоо” көчөсүнө Шералиев Абдыкеримдин ысмын ыйгаруу жөнүндө Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 53-токтому четке кагылсын.
2.Ат коюу боюнча демилгечи топко жана Кербен шаарынын мэриясына Шералиев Абдыкеримдин ысмын Ак-Дөбө айылындагы “Тоо” көчөсүнө ыйгарып берүү жөнүндө токтому колдоо таппагандыгы билдирилсин.
3.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен ш. 22.02.21ж. № 2710