Кербен   шаардык   Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 20-июлундагы №5/4 ТОКТОМУ

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:49

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                                     VIII чакырылышынын  кезектеги бешинчи сессиясы

Кербен шаарынын мэриясынын атайын жана оор жүк көтөрүүчү техникаларын максаттуу пайдалануу жана Жетиген айылындагы жаӊы курулган бала бакчаны ишке киргизүү жөнүндө

 

Кербен шаардык Кеӊешинин өнөр жай жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 01.07.2022-ж. № 7 “Кербен шаарынын мэриясынын атайын жана оор жүк көтөрүүчү техникаларын максаттуу пайдалануу жана Жетиген айылындагы жаӊы курулган бала-бакчаны ишке киргизүү жөнүндө” токтомуна жана КР “ЖМА жана ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз маселени карап чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  бешинчи  сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кербен шаарынын мэриясына:

-Атайы жана оор  жүк көтөрүүчү HOWO үлгүсүндөгү – 2 (эки) даана , автогрейдер GR-180, Hyundai эксковаторун мэриянын авто аянтчасына токтотуу жана айдоочулардын үйүнө токтотууга тыюу салуу жагы сунушталсын..

-Авто унааларга коюлуучу GPS трекерлер сатып алынсын жана орнотулсун.

– Кербен шаарынын Жетиген участкасындагы бала бакачаны ишке берүү үчүн корутунду алсын жана мэриянын карамагына өткөрүлүп пайдаланууга берүү маселелерин чечсин.

  1. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  3. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, курулуш жана соода боюнча  туруктуу комиссиясынын төрөгасы  М. Айтмырзаевга жүктөлсүн.

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                       Ж.Омуралиев

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:49