Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/8 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарындагы № 69-кесиптик-лицейинин директору Т.Тасмаевга “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана жаш жеткинчектерге татыктуу тарбия берүүдө кошкон салымын эске алып, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 26 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарындагы № 69-кесиптик-лицейинин директору Т.Тасмаевга “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев
Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/8