Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/5 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын тургуну, эмгек ардагери Жунусалиев Сейдалынын ысымын Кербен шаарындагы “ Курулуш-4 ” көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Кербен шаарынын “ Курулуш -4” көчөсүнө маркум эмгек ардагери Жунусалиев Сейдалынын ысмын ыйгаруу боюнча ушул көчөнүн тургундары 2024-жылдын 5-августунда жыйналыш өткөрүп бир добуштан макулдугун беришип кол коюшкан арызынын, жыйналыштын токтомунун негизинде Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 62 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Курулуш-4 көчөсү “ Жунусалиев Сейдалы атындагы көчө”,-деп аталсын.
- Кербен шаарынын мэриясына көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
- Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш- кагаздарын, маалымат базасына токтомго ылайык келтирсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында № 610 токтому менен бекитилген « КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жообонун 25- пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү катоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресустар, кадастр, геология жана картография боюнча мамлекеттик агенттикин Аксы филианынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков.
Кербенш. №27/5 04.09.2024-ж