Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/10 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:34

Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылындагы ФАПтын имаратын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

            Ак-Дөбө айылындагы ФАПты жер участкасы менен мунисипалдык менчикке өткөрүп алуу  жөнүндө Кербен шаарынын мэриясынын  3-декабрь 2020ж № 3-35/666 кайрылуусун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма алтынчы  сессиясы

                                               Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

  1. Ак-Дөбө айылындагы ФАП жер аянты менен мунисипалдык менчикке алынсын.
  2. Ак-Дөбө айылындагы ФАПты жери менен бирге баланска алуу жагы Кербен шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
  3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  4.  Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Н.Айтмырзаевга жүктөлсүн.

Кербен   шаардык Кенешинин   төрагасы :                                   Н.Шадыбеков

Кербен ш. 29.12.20ж. № 29/10

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:34