Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 18-декабрындагы № 21/1 токтому

Админ
Автору Админ December 23, 2019 10:42

     

                   Кербен   шаардык   Кенешинин   VII  чакырылышынын    кезексиз   жыйырма биринчи  сессиясы

                                                   Т О К Т О М

                       Кербен шаарынын жаӊы түзүлгөн башкы  планын бекитүү жөнүндө

         Кербен шаарынын муниципалдык жерлерин натыйжалуу, сарамжалдуу жана ырааттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, КР шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы даярдаган Кербен шаарынын башкы планынын долбоору   тиешелүү кызматтар менен макулдашылып жактырылган.  Кербен шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 10-декабрындагы № 12-токтомун, Кербен шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 4-декабрындагы № 3-34/736 “Кербен шаарынын башкы планын бекитип берүү жөнүндө” кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, КР жер кодексинин 18-беренесине негиз, Кербен шаардык Кеӊешинин   VII  чакырылышынын кезексиз   жыйырма биринчи  сессиясы

                            Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. КР шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан даярдалган Кербен шаарынын башкы планы мамлекеттер аралык чегара такталганга чейин чегара сызыгы белгиленбестен бекитилсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясы,сунуштарды эске алуу менен Кербен шаарынын башкы планын мыйзамда белгиленген санда кабыл алсын.
  3.  Кербен шаарынын борбордук бөлүгүнө деталдык долбоорлоо планын түздүрүү маселесинин үстүндө иш алып баруу Кербен шаарынын мэриясына  жүктөлсүн.
  4. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  5. Токтом  «www.  Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.              
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, транспорт, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Ормоналиевге   жүтөлсүн.

Кербен  шаардык  Кеңешинин  төрагасы:                                Н.Шадыбеков

Кербен ш. 18.12.2019ж. № 21/1

Админ
Автору Админ December 23, 2019 10:42