Кербен   шаардык   Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 20-июлундагы №5/5 ТОКТОМУ

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:45

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                                            VIII чакырылышынын  кезектеги бешинчи сессиясы

Аксы райондук маданият үйүнүн имаратынын алдындагы жерди пайдалануу үчүн өткөрүп берүү маселеси жөнүндө

 

         Кербен шаарынын мэриясынын 17.05.2022-ж “Аксы райондук маданият үйү ээлеп турган жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жөнүндө”       № 3-34/253 кайрылуусуна жана Кербен шаардык Кеӊешинин өнөр-жай, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 25.05.2022-ж. № 18 токтомдоруна негиз, жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып  Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  бешинчи  сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кербен шаарынын мэриясына:

-Аксы райондук маданият үйү ээлеп турган 2089,7м2 жер аянтын узак мѳѳнѳткѳ оперативдүү башкаруу укугу менен пайдаланууга ѳткѳрүп берүүгѳ макулдук берилсин.

-Аксы райондук маданият үйүнүн айланасындагы – 6257,05м2 жер аянтын муниципалдык жалпы пайдалануудагы жер катары каттап, ал жерде скверлерди уюштуруу үчүн долборлорго конкурс жарыялоо сунушталсын.

  1. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.

Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеңешинин суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык     маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы              Ж.Надырбековго жүктөлсүн.

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                       Ж.Омуралиев

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:45