Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 25-августундагы № 6/1 токтому

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:50

2022-жылга Кербен шаарынын бюджетине айрым өзгөртүү-түзөтүүлөрдү

киргизүү жөнүндо

 

Кербен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын  23-августундагы “2022-жылга Кербен шаарынын бюджетине айрым өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндо”  № 3-34/480 кайрылуусуна жана Кербен шаардык Кеӊешинин финансы жана бюджет  маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 08.08.2022-ж. №14, 15.08.2022-ж. № 15 токтомдоруна негиз, жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып  Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезексиз  алтынчы  сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. 2022-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен инвестицияларды каржылоого каралган каражатынан кыскартылып  коммуналдык чарба бөлүмүнүн кызматкерлеринин июль, август айларына эмгек акы үчүн 777,0 миӊ сом жана соцфондко чегерүүлөрүнө 134,0 миӊ сом, жалпысы 911,0 миӊ сом  акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Кошумча түшүүлөрдүн эсебинен каржылансын:
  • № 3 «Бүчүр» » мектепке чейинки билим берүү уюмунун чатырынын учурдагы ремонтуна жана ажааткана куруу үчүн 900,0 миӊ сом суммасында;
  • Жаӊы курулуп бүткөн «Алтынгул» мектепке чейинки билим берүү уюмунун муктаждыктарын чечүү үчүн 2500,0 миӊ сом суммасында.
  1. 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине карата мэрияны жана жалпы билим берүү тармагын көмүр менен камсыздоо максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамак-ашына каралган каражаттан 934,0 миӊ сом кыскартылып, төмөнкүлөргө багытталсын:
  • 70111-Аппарат бөлүмүнүн 2224-беренесине көмүр сатып алууга -107,5 миӊ сом;
  • 70629-Коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2214-беренесине атайын техникаларына көмүр ташып келүүгө сарпталуучу күйүүчү май менен камсыздоого – 486,2 миӊ сом;
  • 70911-Мектепке чейинки билим берүү уюмунун 2224-беренесине көмүр сатып алууга – 100,3 миӊ сом;
  • 70921-Орто мектеп бөлүмүнүн 2224-беренесине көмүр сатып алууга – 240,0 миӊ сом.

 

 

 

 

 

 

  1. Кербен шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Б.Ыманбай уулуна, Кербен шаарынын 2022-жылдагы бюджетине тиещелүү өзгөртүү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
  2. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.

 

 

 

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                                           Ж.Омуралиев

Кербен ш. № 6/1 25.08.2022-ж.

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:50